Күйөөм урушсак эле үйүмө кетире берет. Эмне кылсам болот?
Турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Күйөөм экөөбүз кээде урушабыз. Урушту өзүм чыгарам. Телефон чалсам албайт, үйгө келгенде “кайра чалып койбойсузбу, менин чалганымды көрдүңүз го” деп ачууланам. Анан эле “кет үйүңө” деп айтканы айткан. Мага ушу сөзү абдан катуу тиет. Эмне кылсам болот?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Чынында эле жубайлар урушканда бири-бирине жагымсыз сөздөрдү көп айтып салышат. Жарашкандан кийин деле ал сөздөр улам эске келип, адамдын көңүлүн оорутат.
Күйөөңүз үйдөн кет деп бир нече жолу айткан экен. Жарашкандан кийин эмнеге мынтип айтаарын кызыгып сурап көрдүңүзбү? Ал чындап эле кетип калышыңызды каалайбы же жөн гана коркутуп жатабы?
Күйөөңүздүн мындай кылганы манипуляцияга окшош. Башкача айтканда сизге катуу тиерин билип туруп, атайы айтып жатышы мүмкүн. Ар бир үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болот. Бирок экөөңөр урушуңардын себебин аныктап, аны жоюууга даярсыңарбы? – кеп ошондо.
Мен сизге эки вариантты сунуштайм:
- Экөөңөр чогу отуруп алып, ачык сүйлөшүп, жакпаган нерселерди дароо билдирип, конфликти жайдары сүйлөшүп чечип алууга умтуласыңар. Мындан ары “үйдөн кет” деген сөз такыр айтылбайт, деп убадалашып аласыңар.
- Же болбосо экинчи вариант. Күйөөңүз чындап эле кетип калышыңызды каалап жатса, анын тилегин ишке ашырасыңар.
Ар бир адам өзүнүн айткан сөзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек. Аркы-терки сүйлөй берген чоң кишинин кыла турган иши эмес. Күйөөңүз бул кылык-жоругун оңдобосо, өмүр бою шантаж алдында жашап өтөсүз.
Бактылуу болунуз!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.