Айылда эмес, шаарда тырмагымды, чачымды жасатып жүргүм келет. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен да суроомо психологдон жооп алгым келет. Жолдошум жана 3 балам болуп айылда турам. Айылдан өзүмдү бактысыз, ийгиликсиз, жүдөө сезе берем. Шаарга кетким келет. Шеллак жасап, чачымды жасатып, дүкөндөрдү кыдырып жүрсөм бактылуу болчудай сезиле берет. Менин ушул оюм туурабы? Айылдагы келиндерге кандай кеңеш бересиздер?
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Ооба, баарыбыз билгендей эле айыл жергесинде шаарга караганда үй жумуштары көп. Мүмкүн сиз шаар жергесинде өсүп, айыл турмушуна анчейин көнбөй жаткандырсыз.
Сизден сурагым келип турат, айылда жашаган адамдардын баарын ийгиликке жетпеген, бактысыз деп ойлойсузбу?
Биринчи кеңешим жашооңузга болгон көз карашыңызды өзгөртүңүз. Айылда жашап өзүн караганга кантип болбосун?
Эгер каалооңуз күч болсо айыл жергесинде жашап деле өзүңүзгө кам көрсөңүз болот. Мүмкүн бири-бирине окшош күнүмдүк турмушуңуздан тажап, шаарды эңсеп жаткандырсыз.
Бардык нерсени өзгөртүш сиздин колдо:
1. Убакытыңызды рационалдуу пайдаланыңыз.
2. Жашап жаткан чөйрөңүздөн кандайдыр бир позитив көргөнгө үйрөнүңүз.
3. Өзүңүз пландап жүргөн ишти ишке ашырууга бел байлаңыз.
Жакшынакай, сулуу болуу шаарда же айылда жашагандан эмес – өзүңүздөн көз каранды.
Ийгилик!