// //

Үй тартып, кандай адам экениңизди билиңиз. Өзгөчө тест

2022.06.23, 17:11
3148

Бул абдан кызыктуу психологиялык тест. Жыйынтыктары так болсун десеңиз, алдын ала жоопторду карабаңыз.

Кеттик анда! Калем менен кагаз алыңыз. Үй, дарак, көлмө, күн, тосмо (забор), жол тартыңыз.

Сүрөтүңүз даяр болдубу? Эми жыйынтыгын билели.

Дарак – бул сиз, өзүңүзгө болгон бааны көрсөтөт: көлөмү канчалык чоң болсо, өзүңүзгө ошончолук ишенесиз. Дарактын бутактары ылдыйды караса – пессимизмдин бир көрүнүшү же учурда маанайыңыз жок. Бутактары өйдөгө тартылса – шайыр, адамдар менен бат тил табыша алган инсансыз.  

Үй  - акчага карата көз карашыңыз. Эгер чоң үйдү тарткан болсоңуз - каржылык жагдай сиз үчүн зор мааниге ээ. Чакан жыгач үй – сиз үчүн акча жашоодо негизги орунда эмес. Эгер сүрөттө чоо-жайына чейин кылдаттык менен тартылган коттедж болсо - сиз материалист адамсыз.

Көлмө – эненин белгиси. Анын даракка канчалык жакын жайгашканы, апаңыздын сизге болгон жакындыгын көрсөтөт. Эгер көлмө өтө чоң эмес болсо – апаңыздын пикири сиз үчүн кадыр-барктуу эмес (же өзүңүздүн  балдарыңыз бар), чоң көлмө - сиз үчүн апаңыз авторитет.

Күн -  атанын белгиси. Күн дарактын үстүндө болсо – атаңыз менен мамилеңиз жакшы, ал сиздин коргоочуңуз. Күн толугу менен тартылган эмес болсо (барактын бурчунда) – балким, сиз атасы жок өскөнсүз. Күн эптеп дарактын артынан чыгып турса, атаңыз жашооңуздагы маанилүү адам эмес. Күндөн дарак канчалык ары жакта болсо, жашоодо атаңыз сизден да ошончолук алыс.

Жол - бул сиздин карьераңыз. Эгер аны кенен жана түз кылып тартсаңыз - бул ийгилик. Ийри, тар жол – жумушуңузда тоскоолдуктар бар экенин билдирет. Кенен жол үйгө алып келсе - жашоодо көп нерсеге жетишкенсиз. Жол барактын четине кетсе – учурда өз ордуңузду издеп жүрөсүз.

Тосмо - сиздин мүнөзүңүз. Сүрөттө  жөнөкөй, жыгач тосмо болсо – жеңил мүнөзгө ээсиз. Курч таяктар менен тартылган металл тосмо - татаал, оор мүнөздү билдирет. Таш тосмо - чыдамкай жана эрктүү экениңизди көрсөтөт.

Мындан тышкары, сүрөткө кошумча объекттерди жайгаштыруу абдан маанилүү болуп саналат.

Дарак үйдөн чыккандан кийин жолдун ары жагында болсо - материалдык жолуңуз жаңы гана башталып жатат, же тоскоолдуктар бар.

Көлдүн үстүндө күн, жанында дарак - үй-бүлөдөгү ынтымак.

Дарак менен көлмөнү дубал бөлүп турса – апаңызга таарынгансыз же учурда тил табыша албай жатасыңар.

Кызыктуу бекен? Досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт