// //

Апам "ал үй-бүлөңдү" бузган деп сүйлөшкөн кызымды алып бербей жатат

2022.06.20, 14:57
8257

Саламатсызбы! Мен аялым менен ажырашып кеткем, себебин айтпай эле коеюн. Мага бир аял жагат. Аны менен биринчи аялым менен жашап жатканда сүйлөшөт элем. Биринчи күйөөсүнөн бир кызы бар. Эми ошо аялды алайын десем, апам алып бербейм деп жатат. “Ал сенин үй-бүлөңдү бузду, сенин аялың бар экенин билип туруп, сени менен жүрдү. Кийин ошол эле ишин сени менен жашап жатканда да кылат”, деп макул болбой жатат. Чынында андай эмес. Мен ал кезде эле биринчи аялым менен ажырашам деп жүргөн элем. Мен аны сүйөм, башка бирөөгө тийип кетишине чыдай албайм.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.06.2022, 14:58

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатсызбы! Сиз канча жаштасыз? Материалдык жактан апаңыздан көз каранды эмессизби? Биринчи аялыңыздан балдарыңыз барбы? Бар болсо алардын кем карчысын толуктап тура аласызбы? Айтып жаткан келинге үйлөнсөңүз аны жана кичинекей кызын материалдык жактан камсыздай аласызбы? Учурда сүйлөшүп жүргөн кызыңыз, болочок кайын энеси менен тил табышканга даярбы?

Эгер өз алдынча турсаңыз, өзүңүздүн нанынызды өзүңүз таап жатсаңыз, анда апаңыз менен жакшылап сүйлөшүп көрүңүз. Ага түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Бул сиздин турмушуңуз, аны кандай кылып жашайсыз, өзүңүз чечишиңиз керек.

Ал эми апаңыз менен бирге турсаңыз, акча каражат жагынан апаңыздан көз каранды болсоңуз, анда анын пикири менен эсептешүүгө туура келет. Эгер үй-бүлө куруп бирок материалдык жактан апаңыз камсыздаса, демек апаңыздын билгени бар. Сиздин сезимге туруктуу эмес, жоопкерчиликсиз экениңизди түшүнүп, учурдагы сүйүүңүз да бир-эки айдан кийин жок болуп кетет, деген ойдо болуп жатса керек. Сиз дагы деле акыл-эси токтолгон, сбаырдуулук менен чечим кабыл алган мырза боло элексиз.

А балким сизге жөн гана убакыт керек. Эгер сезимдериңиз бекем болсо, бардык кыйынчылыктарга бирге туруштук берип, кол үзүшпөсөңөр, апаңыз ортоңордо чыныгы сүйүү бар экенине ынанат.

Эмнеси болсо да жоопкерчиликтин бардыгы сиздин моюнуңузда.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт