// //

Ойгонгондо эле кыжырым келе баштайт

2018.02.09, 15:59
2074

Мен эртең менен эле жаман маанайда ойгоном. Мени баардык нерселер кыжырлантат: үйдөгүлөр, мектеп, аба-ырайы. Досума бул жөнүндө айтсам ал да күлүп кыжырымды келтирди. Эмнеге мындай болуп жатат?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.02.2018, 16:03

Бермет Наралиева

психолог

Кыжырлануу деген бул адамдын маанайына, эмоциясына тиешелүү касиет. Психологияда мындай өзгөчөлүк фрустрация деп аталат. Ал кайдан келип чыгат? Каалоонун канааттанбай калганынан келип чыгат. Каалаган суроо талаптарыңыз орундалбаса кыжырынызды келтирет. Жашоодо каалагандын баарын эле канааттандырып ишке ашырып жиберүү мүмкүн эмес. Өспүрүм куракта мындай өзгөчөлүктөр болуп турушу толук ыктымал, өткөөл мезгилде өспүрүмдүн психикасы баардык нерселерди максималдаштырып реалдуу нерсеге канаатанбагандыкты пайда кылышы мүмкүн. Ал өтүп кетчү процесс. Эгер сиздин жаш курагыңыз жетилген куракта болсо анда өзгөрүүгө багытталган чечкиндүү кадамдарга барышыңыз керек. Балким сиздин кыжырыңыздын келгени анча деле мааниге турбаган нерселердир ,балким бар нерсеге топук, каниет кылып өзгөрөөрсүз !!!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт