// //

Иниме кол көтөрчү элем, каталарымды кантип оңдосом болот?

2022.06.16, 11:56
3602

Саламатсызбы. Мага психологдун жардамы керек. Мен 19 жаштамын, менден 10 жаш кичүү иним бар. Ал азыр 9 жашка чыкты. Мен азыр шаарда окуп жүрөм.

9-классыман тартып мүнөзүм аябай өзгөрдү, эч кимдин сөзүн көтөрө албай, кыялым чорт болуп кеткен. Ошол учурда абдан көп каталарды кетирдим. Үйдө эч ким жокто иним шоктонсо, уруп, сабап салчу элем. Ал ошол мезгилде 1-класс болчу. Сабакка кызыгуусу жок эле, жиним келип, колдорун кайрып, урушчумун. Ансайын сабагын окугандан каччу.

Азыр чоңоюп калды, үйдөн кетип окуу жайга тапшыргам. Бирок менин ургандарымды унутпаптыр, мени аябай жаман көрүп калыптыр. Айылга телефон чалсам, апам үйдө жок болсо, өчүрүп салат, же болбосо эжемдин кызына сүйлөш, деп берип коет.

Кетирген кемчиликтримди кантип ондойм? Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.06.2022, 11:57

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Сиздин жазгандарыңызга караганда иниңиздин ишенимин бала чагында эле жоготуп алгансыз. Кичинекейинде көп урганыңыз үчүн анын эсинде коркунуч, ызалануу, ур-сокку менен ассоциация катары калып калгансыз.

Эгер анын ишенимин кайтаргыңыз келсе, сабырдуу болуңуз жана этияттык менен кайрадан мамиле кура баштаңыз. Күчкө салбаңыз, мээримдүү, боорукер эже (ага) болууга аракет кылыңыз. Колдон келсе, өзүнө жаккан белек-бечкек алып бериңиз, сабагынан жардам бериңиз, паркка, киного же кафеге алып барып, сейилдетип келиңиз.

Иниңиз уруксат берсе, сизди түртүп салбаса, кучактап, чекесинен өөпсөңүз болот. Кучакташуу, кол кармашуу тактильдик контакт деп аталат. Бул да жакын мамиле курууда жардам берет.

Мунун бардыгы 1-2 айда боло койбойт. Эски таарынычтарды унутуу оор, ошондуктан мамилени оңдоого бир нече жыл кетиши мүмкүн. Ошого даяр болуңуз.

Бирок, чындап эле иниңиздин ишенимин кайтарууга дараметиңиз жетсе, эч качан өкүнбөйсүз. Канчалык эрте баштасаңыз ошончолук жакшы. Себеби 2-3 жылдан кийин анын өспүрүм курагы башталат. Убакыттан уттурсаңыз өмүр бою, душман катары кабыл алынып каласыз.

Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт