// //

Бул 7 белги башкалар үчүн ыңгайлуу айым экениңизди билдирет

2022.06.14, 17:59
3307

Сиз ыңгайлуу аялсызбы? Ыңгайлуу экенимди кантип билем? Анын эмнеси жаман? Бул суроолорго жооп алгыңыз келсе психолог Эльвира Чокоеванын  айтып бергендерин Bilesinbi.kg’ден окуңуз.

Урматтуу айымдар чынын айткылачы, өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды башкалардын комфорту үчүн курмандыкка чалган учур болду беле? Же жашооңуз толугу менен башкалардын көңүлүн алуудан жана көзүн кароодон турабы?

Азиялыктардын менталитетине ылайык, кыздарга бала кезинен бардыгына милдеттүү экени кулагына куюлат. Таарынычтар, айтылбай калган нааразычылыктар, көңүл калуулар жыл өткөн сайын чогулуп, депрессия, стресс, бактысыздыкка алып келет. Медициналык жактан алып караганда гормоналдык бузулууга, мастит, цистит, ангина, жүрөк оорулар, кан оорулар,  ж.б. түрдүү ооруларга себепкер болот.   

Мен эч кимди жеке керт башын ойлогон эгоист болууга үндөгөн жокмун. Болгону, адамдын жан дүйнөсүндө баланс болууга тийиш. Жүрөгүндө гармониясы бар адам гана бактылуу боло алат.

Силерге бир нерсени айтып коеюн: жакшы-ыңгайлуу аялдын образын түзүү үчүн өтө көп энергия жана ресурс кетет.

Ыңгайлуу экениңизди төмөнкү белгилерден улам байкасаңыз болот:

  1. Уруш чыгып кетүүдөн коркуп, жеке пикириңизди эч качан билдирбейсиз. Талашып отургуча, макул болууну эп көрөсүз.
  2. Атаңыздан, күйөңүздөн, уулуңуздан жеке өзүңүз үчүн бир нерсе алып берүүнү суранбайсыз. Андан көрө үйгө керектүү оокат алыш керек.
  3. Оорусаңыз жатып албайсыз. Себеби, сиз жок болсоңуз бардыгы токтоп калат. Тамак жасалбайт, кир жуулбайт, уй саалбайт, картошка айдалбайт...
  4. Келечекке план түзгөндө бардыгынын кызыкчылыктарын эске аласыз, өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз тууралуу унутуп каласыз, же акыркы кезекте эстейсиз.
  5. Башкалар сизге жаман, орой мамиле кылып жатса деле, анын кылык-жоругун актоого шашыласыз. Бардыгын түшүнгөн мыкты аялсыз да. Керек болсо “өзүм эле күнөөлүмүн” (унчукпай турбай) деген жыйынтыкка келесиз.
  6. Маанайыңыздын чөгүп турганын эч качан, эч кимге көрсөтпөйсүз. Калп болсо да жылмайып жүрөсүз.
  7. Башкалардын сунушунан баш тарта албайсыз, жок дебейсиз. Конокко чакырганда баргыңыз келбесе да таарынтып (же капа кылып) алуудан коркуп барасыз.

Мындай жүрүм-турум жашооңуздун бардык тармактарында бар. Көп иштеп, сизге тиешеси жок жумушту жасап жатканыңызды билсеңиз дагы, жетекчиден айлык акыны көтөрүп берүүнү сурана албайсыз. Өзүңүз чарчап же ооруп турсаңыз да курбуңуздун, туугандардын балдарын карап берүүгө (коногун тосууга, үйүн жыйноого) макул болосуз.  

Ар бир адам чынчыл болушу керек. Биринчи кезекте өзү менен өзү. Жан дүйнөсүндөгү баланс сакталганда гана бактылуу өмүр сүрө алат. Антпесе эки тараптуу калп айтуу болуп жатат:

  • өзүңуздү коомчулук талап кылгандай алып жүрөсүз ошондуктан башка кишинин жашоосун жашап жатасыз
  • өзүнүздүн ким экениңизди билбейсиз, каалоолоруңузду ишке ашырбайсыз.

Жыйынтыгында бардыгы бактысыз – сиз жана сизди курчап турган жакындарыңыз. Жеке каалоолорду орундатуу, бардык тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен мамиле куруу абдан маанилүү. Мындайда утулган тарап жок, бардыгы утушка ээ болот.

Өзүңүздү байкап көрүңүзчү? Бир күндө канча жолу жеке каалоолорду аткарып, канча жолу башкалардын талаптарын жасайсыз?

Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт