// //

Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин төрөбөй эле турайын дедим

2022.06.14, 17:34
12907

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Ай, качан?" Бул сөздү үйгө келген туугандардын баары айтмайын, кетишпейт. Биз теңдүүлөр алды эки, арты төрт балалуу болуп калганын айтышат. Эмне кыл дейсиңер!

Чарчадым. Ушундай чарчадым. Акыркы убактарда ыйлагым деле келбей калды. "Ишиңер эмне?" дегим келет. Аттиң, кээде тил кыска болуп калат. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишүү адепсиздик экенин билбеген адамдар, менин бул сөзүмдү туура эмес кабыл алары анык.

Конок тосконду жактырган адам элем. Эми коноктор келсе, кадимкидей кабагым бүркөлөт. Ушул сөздөн качып, элден алыстап, чүнчүп кеттим. Мени тынч койгулачы.

Чачымды сылап жатыптыр. Ойгонсом күйөөм чачымды сылап жатыптыр. Көзү жашылданган. Кыязы ыйлаган окшойт. "Аябай кыйналып кеттиң э?" Унчукпадым. Жөн гана көзүмдү жумдум. Тып, тып, тып... Көз жаштар өзү эле ага баштады. 

Дарыгерлер мага азырынча төрөгөнгө болбой турганын айтышты. Турмушка чыккандан кийин оорум бар экенин билдим. Ошондуктан, алдын ала текшерилип тургула. 

Башында төрөйм деп аябай оолуктум. Эч кимдин сөзүн укпадым. Күйөөм токтотту. "Кимге эмнени далилдегиң келип жатат? Дарыгер азырынча болбойт, ден соолугуңа кооптуу деди го. Дарылан, буйруса баары жакшы болот. Төрөдүң, анан эмне болот? Өзүңө эле жаман. Бир нерсе болсоң мен ыйлап калам, балаң апасыз калат, а жашоо улана берет. Өзүңдү биринчи орунга койсоң! Эмне эле эч кимди укпай жатасың? Эл айта берет. Алардын оозун жаба албайсың. Угуп жатасыңбы?" 

Ыйлап чуркап бараткам. Колумдан кармап токтотту. Катуу айтты. Бирок, ошондо гана мага жетти. Ден соолугумду ойлобой, өзүмдү өлүмгө кыя чаап жатыпмын. Мен бирөөгө далилдеп жатканымды билдим. 

Күйөөм жанымда. Ишенесиңерби, бир дагы жолу качан балалуу болобуз деген жок. Кээде гана ушинтип чачымдан сылап, ичиндеги мага болгон сезимдерин чыгарып алат. 

"Анализдериңиз жакшы, буйруса баланы пландоого өтө берсеңер болот." Мен бул сөздү жети жыл күттүм. Күйөөмө чуркап жөнөдүм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт