// //

Кыргыз үйүн Америкага тааныткан Бурулкан апанын ийгилик сыры

2022.06.13, 14:31
1783

Бурулкан Төлөгөнова Нарын шаарында жашап, кыргыздын боз үйүн Европа өлкөлөрүнө, Америкага чейин тааныткан айым. Ал “Айтилек” кол өнөрчүлөр кооперативинин жетекчиси. 2007-жылы негизделген бул топто азыр 35 кол өнөрчү эмгектенет.

Бурулкан апа өмүрүнүн 28 жылын медицинага арнап, 45 жашка келгенде, кыргыздын боз үйүн, шырдагын жасай баштаган. Андан бери анын эмгеги эл оозуна алынып, уз апанын колунан жасалган боз үйлөр түрдүү республикалык фестивалдарда, мааракелерде тигилип, байгелүү орундарга ээ болуп келет. Мындан сырткары 10дон ашык кыргыз үйүн Соңкөлгө тигип, жайында келген чет элдиктерди кымыз жыттанган үйдө түнөтүп, эс алуусуна шарт түзүп берет. Ошол жылдар аралыгында Бурулкан апа 40тан ашык боз үйдү жасалгасы менен сатты. Апаппак кийизден жасалып, келишкен жасалгалары менен короосуна тигилген 100 баш боз үй 550 миң сом турат экен.

Кооператив быйыл ишин кеңейтип, илгерилетүү үчүн банктан кредит  алган. Себеби, чоң көлөмдө жүндү алып, кайра иштетүүгө аз каражат талап кылынбайт. Андыктан, Бурулкан апа “Айыл банк” ААКсынан “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун негизинде 6%дык кредит алып, аны ийгиликтүү колдоно баштады. Эми шырдактарды коңшу Казакстанга да жөнөтүп, кыргыздын нукура баалуулуктарын жайылтууда.

Бурулкан апа ишинин түйшүгү тууралуу мындайча айтып берди: “Мурда жаңы иш баштаган убакта 28-33 пайыз менен кредит алып, кыйналган күндөр көп болду. Бул иш ийнелеп жасаган үчүн жай бүткөн жумуш. “Айыл Банктан” кайра иштетүү үчүн алып жаткан 6 пайыздык кредит бизге абдан жакшы жардам берип жатат. Себеби, анда 6 айлык каникул дегени бар экен. Биз ошол убакта буюмдарды сатыкка даярдап алабыз”,- дейт апа.

Коронавирус пандемиясына чейин “Айтилек” кооперативи жасап чыгарган боз үй, шырдактар Европа мамлекеттерине сатыкка чыгарылып турган. Азыр бул өлкөлөрдүн арасына коңшу казакстандык кардарлар кошулду.

Бурулкан апа “Менин ойлогонум эле, келечек муун өзүнүн ата-бабасынын буюм-тайымын, салт-санаасын унутпаса, кыргыз элинин шырдагы, боз үйү кылымдар жашап, урпактарыбыз урунуп турса дейм”,-деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт