// //

Кыргызча жана орусча так сүйлөй албаганым үчүн жигиттер карабай жатабы?

2022.06.09, 15:12
4699

Мен 27 жаштамын, бирок турмушка чыга элекмин. Жигит жандап баскан эмесмин. Жада калса менден 8 жаш кичүү сиңдим турмушка чыккан. Үйдөгүлөр качан күйөөгө тиесиң деген суроосу менен тажатып бүтүштү.

Бала кезимен жакшы окуйм. Англис жана итальян тилинде эркин сүйлөйм. Бирок кыргыз жана орус тилдеринде өз оюмду жеткиликтүү айта албайм. Аябай жай, такалып сүйлөйм. Балким, ошонум үчүн да жигиттер мени макоороок деп ойлошот.

Учурда Москвада чоң мейманканалардын биринде котормочу болуп иштейм. Кээде чет өлкөлүк бирөөгө эле тийип алсамбы, деп да ойлоном. Бирок, кыргыз жигитине турмушка чыгып, үй-бүлө кургум келет.

Эмне кылышым керек? Мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.06.2022, 15:12

Мария Самсонова

Психолог

Саламатсызбы!

Өзүңүзгө талаптарды өтө бийик коет окшойсуз. Сиздин жан дүйнөңүзгө туура келген, жана жүрөгүңүз сүйүп турган адамды табуу үчүн дүйнө жүзундөгү бардык тилдерде эркин сүйлөөнүн зарылчылыгы жок.

Турмушка чыгуу бул зарылчылык эмес, бул сүйүүнүн, жылуу сезимдердин арты менен келген, биргелешип кабыл алган чечим. Ал үчүн сизге жаккан мырза менен мамиле курууну үйрөнүү керек.

Өзүңүздү ушу бойдон, турган турпатыңыз менен кабыл алуудан баштаңыз. Кандай болсоңуз ошо бойдон жакшы көрүңүз. Өзүн сүйгөн адам гана башка бирөөнү сүйүп, мээримин тартуулай алат. Бул жашоодо бир да идеалдуу адам жок.

Кыргызча сүйлөгөн жигиттер менен мамиле кургуңуз келеби, тил үйрөнүңүз. Эки тилде эркин сүйлөгөнүңүзгө караганда, эне тилин да мыкты үйрөнүп алуу сиз үчүн кыйынчылык жаратпаса керек.

Бактылуу болуңуз.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт