// //

Күйөөм сол жакка басканда, баары мени күнөөлөштү

2022.06.08, 16:01
18363

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет өзүн сүйүүнү чечкен аялдын баянын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Көпчүлүк аялдар сыяктуу мен дагы үй-бүлөмдү сактап калууга аракет кыла баштадым.

Боенуп, өзүмө жакпаган көйнөктөрдү кийип, жумуштан чарчап келгенимди байкатпай күлүп-жайнап, таң эрте туруп тамак даярдап, балдар ыйлап жатса “тынч уктап алсын” деп аларды сыртка чыгарып кетип, улам-улам көңүлүн сурап, каалабасам дагы төшөккө чакырса дароо макул болуп дегендей.

Ишенесиңерби, аябай кыйналдым. Бирок, балдарым үчүн, алардын атасын сүйгөнүм үчүн, никебизди сактап калгым келди.

Аттиң, өзүмө-өзүм ор казып жатканымды билбептирмин.

Үлгүлүү үй-бүлөлөр көп. Ошол эле учурда, сүйүү бүтүп, ажырашып, кайра башкалар менен бактылуу жашап жаткандар бар, бул дагы нормалдуу көрүнүш. Жаш экенмин, күйөөм мени сүйөт, мойтойгон балдарыбыз бар, өмүр бою бирге болобуз деп ойлогом. Анан тагдыр мага сюрприз жасады: “Таанышып алалы, мен дагы анын аялымын.”

Эмнегедир баары мени күнөөлөштү. “Сен бир нерсе бербей койдуң”, “балким, өзүңдү карабай таштап салдың”, “ушу сенден эле кетти”, “сенден таба албаганын башкадан издеди да”, “балким анысы сага караганда даамдуу тамак жасайт”, “башын оорутуп мээсин жей берсең ошо да”.

Дем жетпей, жүрөгүм башкача ооруду. Баары айтып жатса, чындап эле күнөө менде ошкойт дедим. Өлгүм келди. Жашырбайм, күйөөмдү өкүндүрүп, көңүлүн бурдуруу үчүн дары ичип алдым. Кудай сактады.

Эч качан, угуп жатасыңарбы, эч качан бирөөлөрдүн сөзүн укпагыла!

Күнөөсү анык көрүнүп турса дагы, калп эле аны актай бербегиле. Үй-бүлөсүн ойлогон эркек мындай кадамга барбайт. Андыктан, “мен никемди сактап калам” деп баатыр болуунун кажети жок. Силерди ойлобогон адам үчүн ыйлап, өзүңөргө кол салып, курмандык болууну токтоткула! Билесиңерби, эмне үчүн мындай кадамдарга барасыңар? Анткени, өзүңөрдү сүйбөйсүңөр!

Бир сыйра ыйлап алгыла, анан жакшылап уктап эс алгыла, чечим кабыл алып, алдыга жылгыла. Болду, башка рецепт жок.

Көзүмдү ачсам ак халатчан медайым кан басымымды ченеп жатыптыр. Бурчтагы отургучта апам эки баламды алдына алып отурат. “Апам, турду!”. Кичүүм чуркап келип кучактады. Мен турдум, турганда дагы бутума катуу турдум, эми эч качан жыгылбайм.

Сотко барып арыз жаздым. Күйөөм эмне деди дебейсиңерби.

- Эмне мени сүйбөй калдыңбы?

- Мен мындан ары бирөөнү эмес, өзүмдү сүйөм.

- Өзүңдү кыйын сезип алдыңбы? Билесиңби, мен жок сен эч ким эмессиң!

- Сен жок, мен-адаммын!

Көзүнө тике карадым. Мендеги күч көзүмдөн көрүнүп турду. Унчукпай бөлмөдөн чыгып кетти.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт