// //

Жубайдан мурун ар бир адамга бул 8 нерсе керек

2022.06.07, 15:35
2317

Салам достор! Албетте, ар бир адам түгөйүн таап, бактылуу болсо сонун. Бирок, кээде жубайдан мурун дагы керектүү нерселер бар экенин унутуп калгандар жок эмес. Анда эмес, психологдор сунуштаган бул пайдалуу нерселерди бир окуп коюңуз. 

Чыныгы дос

Достун санына эмес, сапатына көңүл буруу керек. Мен кыйынмын деген көз карандысыз адамга дагы, кээде башын ийнине коюп, каалаган учурда ишенсе боло турган бир-эки дос керек. Эгерде сенде ушундай адамдар болсо, анда абдан сонун. 

Сүйүктүү жумуш

Жашоо ушунчалык кыска, андыктан аны жактырбаган жумушка арнап кереги жок. Акча маанилүү дечи, бирок жумушуңдан рахат албасаң, анда бактылуу боло албайсың. Сенде эртең менен шап туруп, баргың келе турган жумуш болушу керек. 

Көзкарандысыздык

Жаныңда сага дем күч берип, колдоп турган адамдын болушу абдан жакшы. Бирок, бирөөдөн үмүттөнбөй, бирөөгө жалдырабай өзүң деле кыла ала турганың андан сонун. Көз карандысыздык убакыттын өтүшү менен келет. Сен ага ээ болгондон кийин, бирөөгө муктаж болбой каласың. 

Финансы жактан көз карандысыздык

Каалаган нерсеңди сатып аларыңа ишенүү сонун сезим. Ал сага эркиндик жана эрдикти берет. Бул сезим ар бир адамда болушу керек. 

Хобби

Сүйүктүү жумушуңдан тышкары, эс алууну мыкты өткөрүү үчүн бир хобби болушу керек. Балким, ал спорт, саякат, чыгармачылык, тигүү ж.б болушу мүмкүн. 

Кадыр-барк

Өзүңдүн эмнеге татыктуу экениңди билсең, эч качан аз нерсеге макул болбойсуң. Бул үчүн сен өзүңдү баалап, сени артка тарткан адамдардан жана нерселерден алыс болушуң керек. Кадыр-баркыңды сыйлоо менен жашоодон каалаган нерсеңе жана мыкты нерселерге жете аласың, эгер аны башка бирөөгө тепселетпесең. 

Өзүңө кам көрүү

Өзүңө кам көрүү десе эле, спорт менен машыгып, смузи ичип калуу эмес. Албетте алар дагы зарыл деңизчи, бирок бул жерде биринчи өзүңдү сүйүү керек. Кептин баары сага бакыт тартуулаган жашоо образын түзүү жөнүндө.

Бакыт

Көпчүлүк бактылуу болуш үчүн турмуш курушат. Бирок бул чоң жаңылыштык. Бакыт сенин ичиңде болушу керек. Бирөөдөн көз каранды болбой, өзүңдү сүйүү жана өзүң эле бактылуу болсоң, мына ошондо жашооң башкача болот. Ал эми сенин бактылуу болушуң башкалардан көз каранды болсо, анда бул жерде көйгөй бар. 

Сизде булардын канчоосу бар экен?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт