// //

Жайында бул тамактарды жесеңиз, шишибей сулуу көрүнөсүз

2022.06.07, 11:04
4627

Салам достор! Эгер кышында жеген тамактарыңызды, жайында дагы жеп жүрө бергендерден болсоңуз, нутрициолог Алена Постельняктын кеңештерин кулак салыңыз.

Суу ичиңиз

Ысык аба ырайында биздин организм суюктукту интенсивдүү түрдө жоготот, андыктан анын жетишсиздигин өз убагында толуктоо өтө маанилүү. Ошондуктан, термометр 23 градустан жогору белгини көрсөтсө, таза сууну көбүрөөк ичиңиз. Ошондой эле мөмө-жемиш, жалбыз, цитрус жемиштери кошулган, бирок шекерсиз жемиш суусундуктарын жана лимонаддарды колдонсоңуз болот. Ширелерге, газдалган суусундуктарга, энергетикалык суусундуктарга жана алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынат.

Калорияны  азайтыңыз

Жайында организмди жылытуу үчүн кошумча калориянын кереги жок, ошондуктан диетанын жалпы калориясын 200-300гө, ал эми арыктоо үчүн 500 ккал азайтса болот. Майлуу эт, торт, майонез кошулган салаттарды унутуңуз. Балык, тоок эти, майсыз уй эти, жашылча салаттары, жеңил десерттерге артыкчылык бериңиз.

Жай мезгили үчүн эң жакшы тамактар ​​- окрошка, газпачо, демделген жашылча, салаттар, жашылча шорполору.

Жашылчаларга артыкчылык бериңиз

Ысыкта тамак жегибиз келбейт, бирок ачка отуруунун кереги жок. Закуска катары жашылчаларды, мөмөлөрдү жана жемиштерди колдонуңуз. Кечки тамакка лагман же палоонун ордуна жашылчадан жасалган салат жасап, тоок бышырып алганыңыз оң. Организимиңиз сизге чоң рахмат дейт. Жемиштерден дагы коркпош керек, алардын курамында коркунучтуу углеводдордон тышкары, пайдалуу клетчатка, белок жана көптөгөн керектүү витаминдер жана минералдар бар. Жемиштерди күндүн биринчи жарымында жеген жакшы, кечки тамакка сунушталбайт.

Тамактануу убактысын алмаштырыңыз

Жайында ысыктын айынан тамак жегиси келбей жүргөндөр тууралуу көп эле угуп калсаңыз керек. Мындан чыгуу жолу бар: тамактануу убактысын эртерээк убакытка жылдыруу. Мисалы, эртең мененки 6-7де эртең мененки тамакты, түшкө чейин түшкү тамакты - 11-11.30га чейин, ал эми кечки тамакты күн батып баратканда 20.00гө жылдырсаңыз болот. Ошол эле учурда кечки тамак эң аз калориялуу тамак болушу керек экенин унутпаңыз - жашылча салат же жашылча менен бышырылган балык эң жакшы чечим.

Кофе менен чайдан баш тартыңыз

Чай менен кофенин бат-бат заара кылдыра турган таасири бар, демек алар суусузданууга алып келиши мүмкүн. Сүйүктүү ичимдиктериңизден биротоло баш тарта албасаңыз, эртең мененки тамактануу учурунда бир чыны кофе же чай ичип коюңуз. Калган убакта таза сууга же чөп чайларына артыкчылык бериңиз.

Бул жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, сиз өзүңүздү дайыма жакшы сезип, сулуу көрүнөсүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт