Күйөөм кош бойлуу кылып таштап кеткен кыз экөөбүз алиментке арыз жазсак болобу?
Саламатсызбы! Мен 2020-жылы турмушка чыккам. Жолдошум мамлекеттик кызматта иштейт, ортобузда бир кызыбыз бар. Жолдошум биз үйлөнө элек кезде бир кыз менен сүйлошүп, ал кызды кош бойлуу кылып таштап кетиптир. Ал арызданса ар кандай коркуттуулар болуптур. Азыр болсо мени бир кызым менен таштап кетип жатат. Алимент берүүдөн баш тартып жатат. ЗАГС бар, кайсыл жака кайрылсам болот. Ички иштер органына кайрылсам арыз карабай жатышат. Сотко кайрылсам эч кандай караган жок. Ал кыз дагы, мен дагы чогуу жазсак болобу?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
1) Биринчи сиздин абалыңыз боюнча:
Алимент өндүрүү үчүн ички иштер органына эмес, сотко кайрылышыңыз керек. "Алимент өндүрүү боюнча доо арыз" менен өзүңүз же жолдошуңуз жашаган райондогу сотко кайрыласыз.
Арызды туура жазып, тиркелчү документтерди толук тиркеп алып барсаңыз алар кароого милдеттүү. Эгер, соттун канцеляриясы сизди карабай жатса, анда Төрагага кирип даттансаңыз болот.
2) Тиги кыздын абалы боюнча:
Ал коркутуулар боюнча реалдуу далилдер менен милицияга кайрылышы керек.
Ал эми, ал дагы баласына алимент өндүртөм десе сотко "аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча доо арыз" менен кайрылышы керек болот.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.