// //

20 жылдыкка баргандан уялам, себеби "газ вода" сатып иштейм. Эмне кылсам болот?

2022.06.02, 17:11
12878

Быйыл менин 20 жылдыгым. 3 ай мурун классташ балдарымдан чакыруу баракча келген. Кече айылда болот, мектепке барып, мугалимдерге белек берип, андан кийин 3 күн жыргамай. Классташтардын баары барат. Мен да баргым келет, бирок учурдагы абалыман уялам. Эмнесин жашырайын, базарда “газ вода” сатып иштейм. Ватсаптан классташ кыздар өзүнчө группа ачканбыз. Ал жакка баары 3-4 көйнөк алганын, кандай макияж, маникюр жасатаарын жазышат. Сүрөттөрүн карасам аябай жаш көрүнүшөт экен. А мендечи, жарытаарлык бир көйнөгүм жок. Кайда иштээримди сурашса эмне дейм? Күйөөм кечелерде отура албайт, башында эле ичип алып, жаңжал салат. Жолдошум, “баргың келсе акча таап берем”,-деди. Көйнөктөрдү кошкондо, жок дегенде 50 000 сомдой керек. Классташтарым, “барасыңбы, эмнеге унчукпайсың”,-деп күн сайын сурашат. Аларга эмне дейм? Баргым келет, бирок бара алабайм. Мага кеңеш бересизби.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.06.2022, 17:12

Тамара Воронцова

Психолог

Урматтуу айым, 20 жылдык - маанилүү күн. Бул жаштык менен жолугуу майрамы, анан албетте баргыңыз келет!

Сизде 2 тандоо бар:

  1. Кечеге барасыз, албетте жалгыз. Ал үчүн акча таап, көйнөк сатып алуу керек (же ижарага алуу, курбулардан суроо). Кайда жашап, ким болуп иштеп жатканыңызды кандай болсо, ошондой кылып айтасыз. Уялбаңыз – классташтарыңыздын баары эле министр же бизнесмен эмес. Сиз сыяктуу жашагандары да бар. Албетте, кээ бирөөлөрү калп айтып, кооздоп сүйлөп коюшу мүмкүн. Бирок жашыруун нерсе эртеби-кечпи ачыкка чыгат, кийин өздөрү эле уят болот.

Өзүңүз жөнүндө айтып берип жатып, “турмушум ушундай, бирок мен бактылуумун”,-деп, жашооңуздун жакшы жактары тууралуу сөз кыла кетиңиз: үйүңүз, балдарыңыз ж.б. дегендей.

Сиз ал жактан, “башкаларга салыштырмалуу жашоом анчалык деле ийгиликтүү эмес экен”,-деп кейип кетишиңиз мүмкүн. Бирок чындыкты эч ким билбейт, ийгилик тилекке каршы өмүр бою сакталбайт, баары үчүн акы бар, сизди табалаган адам, өзү ошол абалга түшүп калышы мүмкүн.  

Барсаңыз, кийин эстегенге сүрөттөр калат. Балким, классташтарыңыздын ийгилигине шыктанып, жаңы бизнес баштайсыз, сиз дагы жашсыз, ден соолугуңуз чын деп да ойлойм. Себепсиз эч нерсе болбойт!

  1. Жолугушууга барбайсыз, карызга батпайсыз, кийим сатып албайсыз. Жашооңуз өз нугунда кете берет – үй, жумуш, балдар. Сиз үчүн бул тандоо туура жана материалдык жактан ыңгайлуу болсо, анда эч өкүнбөңүз. Эгер чындап эле бара албай турган болсоңуз эмне болоорун элестетиңиз, мисалы, жакындарыңыз же өзүңүз катуу ооруп калды дейли.

Барасызбы эже жокпу, баары бир  - тынчсыздануу жана капалануу болот. Коркпоңуз, муну – жашоо деп коет! Тандаңыз, чечиңиз. Жүрөгүңүздү угуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт