// //

Төшүм кичинекей болгон үчүн турмушка чыккандан корком. Эмне кылсам болот?

2022.06.01, 16:04
4244

Саламатсызбы! Силерге жазаардан мурун көп ойлондум. Туура кылып жатамынбы, жокпу билбейм. Менин жашым 21де. Былтыр колледжди бүтүргөнмүн. Кыздын үйү кербен сарай дегендей, кааласаң да каалабасаң да үйгө тууган-урук, дос, тааныш-билиш келип, бардыгы мага күйөө издөө менен убара.

Мага айта турган сөзү, менден сурай турган суроосу бир: “Турмуш чык!” “Качан күйөөгө тиесиң?”. Андан кийин “аны көр”, “муну көр”, “таанышып көр”, “сүйлөшүп көр”.

Өзүм эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Турмушка чыккандан корком. Себеби, менин көкүрөгүм кичинекей. Элестеткиле, мени сүйүп, алган бир жигит, эртеси көкүрөгү кичине экен, деп жактырбай калсачы?

Өзүмө да ишенбейм, көп ойлонуп, сыгыла берем. Мага кеңеш алып бергилечи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.06.2022, 16:04

Венера Сыдыкова

Психолог

Саламатчылык. Албетте, турмушка чыгасызбы же коесузбу бул сиздин жеке гана чечимиңиз. Ал үчүн болочок күйөөңүз экөөңөрдүн ортоңордо сезимдер, бири-бириңерди түшүнүү болууга тийиш. Андан тышкары экөөңөрдө тең үй-бүлө курууга даярдык жана эң башкысы каалоонун болушу милдеттүү шарт.

Ал эми ата-эненин, бир туугандардын, достордун жана башка адамдардын каалоолоруна таянып, жеке жашоону куруу, туура эмес позиция. Ар бир адам өзүнүн тагдырына тиешелүү суроолорду жекече чечиши керек.

Төшүмдин кичинекейлигинен турмушка чыккандан корком дегениңиз, негизсиз коркуу. Дүйнөдө төшү кичинекей бирок атактуу, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен жана бактылуу өмүр сүргөн кыз-келиндер толтура. Мисалы голливуд жылдыздары: Натали Портман, Кира Найтли, Эма Уотсон, Селена Гомес ж.б. Анын үстүнө эркектердин бардыгы эле төшү чоң айымдарды жактыра беришпейт. Алардын да табити ар башка болот.

Түпкү тегин алып караганда, негизги себеп, төшүңүздүн кичине болгондугунда эмес. Сизге өзүңдү-өзүң кандай болсоң ошол бойдон кабыл алуу жана жакшы көрүү жетишпейт.

Сиз сөзсүз жүрөгүңүздөн түнөк тапкан, сизди чексиз сүйгөн жигитке туш болосуз. Болгону өзүңүздү ошондой сезимге, турмушка татыктуумун деп ишендириңиз.

Ийгилик!

Бактыгүл Абдраманова

Гинеколог

Саламатсызбы! Төшүңүздүн өлчөмү генден көз каранды. Апаңыздын, эжелериңиздин же тай эжелериңиздин көкүрөгү кичинедир. Салмактын да тиешеси бар, мисалы арык кыздардын төшү кичирээк болот.

Этек кириңиз туруктуу келсе эч кандай коркунучу жок. Демек, табиятыңыз ошондой. Эгерде айызыңыз туруктуу келбесе, анда гинекологго барып көрүнүңүз. Жыйынтыгы текшерүүдөн кийин билинет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт