17 жаштамын, төшүм кичинекей. Капуста жесем чоңоебу?
Саламатсызбы! Мен кеңеш сурайын дегем, жакында 17ге чыгам, бирок көкүрөгүм алигиче кичине. Эмне кылсам болот? Ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, жумуртка, капуста сыяктууларды көп жесе чоңоет, деп коюшат экен. Ушул чынбы? Бирок толуп кетеминби деп корком.
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатчылык. Төштүн чоң же кичине болушу генетикадан, адамдын жеке анатомиясынан көз каранды. Бул сиздин өзгөчөлүгүңүз, башкалардан айырмаңыз.
Капуста, жумуртка жана түрдүү көнүгүүлөр жөн гана өзүңдү сооротуу. Булар төшүңүздүн чоңоюшуна эч кандай таасирин тийгизбейт.
Башкысы эмчекте эч кандай көйгөй жок, эч жери оорутпайт, келечекте өзүнө тиешелүү функцияны аткарса, болду. Келечекте турмушка чыгышыңыз мүмкүн, кош бойлуу болуп, бала төрөп, эмизип, эмчектен чыгарган учурда эмчегиңиз далай жолу өзгөрүп, чоңоюп, кичирейип турат.
Ушунчалык эле кичинекей болгону ойлондуруп жатса, пластикалык операция жасатсаңыз болот. Бирок, андай операциялар бой жетип, 18 жашка толгондон кийин гана жасатууга уруксат берилет.
Ден соолукта болуңуз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.