// //

Болочок кайын атам менен кайын энем ичет экен. Кийин кыйналып калбаймбы?

2022.05.27, 10:56
8243

Саламатсызбы! Мен эмне кыларымды билбей башым катып калды. Кеңеш берип коюңузчу. Жашоомду жакшы жака, же жаман жака бурган чечимди чыгара турган абалдамын. Жигитим менен сүйлөшкөнүмө үч жылдай болуп калды. Үйдөгүлөрдүн, тууган-туушкандардын баары билишет. Быйыл үйлөнөлү деп жатканбыз. Баш кошорубузга аз калганда үй-бүлөсүндө болгон нерсенин бардыгын ачык айтып берди. Ата-энеси 2-3 жылдан бери аракты токтотпой ичип жатышыптыр. Үйүндө күндө ызы-чуу экен. Жигитим  кичүүсү, аябай жакшы бала. Бир туугандары дагы жубайлары менен ата-энесинин айынан ажырашып кетишиптир. Жеңеси менен жакшы сүйлөшөт элем, "сага кеңеш берейин, жакшылап ойлон",-деди. Мен ата-энем менен кеңешейин деп ата-энеме айтсам, "кийин кыйналып каласыңар, ата-энесинин колдоосу жок аябай эле кыйын",-дешти. Анан дагы "биз  жакшылык, жаманчылыкта катышып турган куда сөөктү болгубуз келет",- деп жатышат. Мен өзүм жакшы турган жердин кызымын. Эмне кылышты билбей калдым.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.05.2022, 10:56

Тамара Воронцова

Психолог

Кымбаттуум! Туура, сиз азыр өзүңүздүн гана эмес, келечектеги балдарыңыздын дагы тагдырын чечесиз!

Жигитиңиз үйдүн кичүүсү деп жазыпсыз, демек, ата-энеси менен чогуу жашашыңар мүмкүн. Эгер ошондой болсо, анда өзүнчө жашоо тууралуу сүйлөшкүлө. Алар менен чогуу турсаңар, анда аягы ажырашуу менен бүтүшү ыктымал. Баса, учурда жаш үй-бүлөлөр кичүү же жалгыз экенине, салтка карабай жашоосун ата-энесинен бөлөк башташат.

Эгер жигитиңиз макул болбосо, анда спирт ичимдиктерин колдонгон адамдар менен жашап, аларга көз каранды болууга даярсызбы ойлонуп көрүңүз.

Андан тышкары, алкоголдук ичимдиктерге болгон көз карандылык тукум куубайт, бирок ата-эненин жашоо образы, адаттары жана мамилеси балага берилет. Балким, баласы оор абалга туш болгондо ичип башташы мүмкүн, балким, ичпейт. Бирок, баары бир божомолдор бар. Баарын чогуу талдап чыгуу керек.

Эгер жигитиңиз чынында эле жакшы болсо, анда ата-энесинен алыс эле үй-бүлө кургула. Бирок, баары бир аларды маал-маалы менен дарылап, кам көрүүгө бирөөнү жалдап турасыңар ж.б.у.с.

Болочок күйөөңүздүн билимин, руханий баалуулуктарын, анын жумушка болгон жөндөмүн, жалкоолугу жокпу жана анын кыялдары менен умтулууларын караңыз.
Нике лотереяга окшош экендигин жана 5-10-20 жылдан кийин эмне болорун эч ким алдын ала көрө албасын унутпаңыз. Бирок, биз тандап жатканда, ал адам менен өмүр жашагыбыз келет. Ошондуктан, жакшылап ойлонуу керек.

Кыязы, силер баш кошосуңар, андай боло турган болсо, өзүнчө жашагыла же башка жакка кетип калгыла.

Жигитиңиздин ата-энеси өз жолун өздөрү тандашты. Сиз дагы жаштыгыңызды жана өмүрүңүздү ичимдик ичкендерге арнабай, өз жолуңузду тандап алганга укуктуусуз.

Келиңиз, бул кырдаалды четке туруп алып, сүйүү эмоцияларысыз, акыл менен карап көрөлү. Мисалы, кызыңыз сизге келип, болочок күйөө балаңыздын ата-энеси аракеч экенин айтып, кеңеш сурап жатканын элестетип көрүңүз. Сиз ага кандай кеңеш берет элеңиз?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт