// //

Жигитим ата-энем менен жолугам деп туруп жок болуп кетти. Эмне кылам?

2022.05.26, 10:09
7681

Саламатсызбы! Жашым 25те. Жигитим экөөбүз үйлөнүүнү пландап, ата-энемди жолугушууга чакырган. Жолугушууга эки күн калганда баарын токтотуп, мени бүт жактан блоктоп салды. Себебин сурап чалсам да алган жок. Өзүмдүү билимдүү, сулуу иштеген түз жүргөн кызмын. Ата-энемдин, туугандарымдын, кесиптештеримдин алдында уят болдум. Өзүмдү аябай жаман сезип жатам. Мага аябай оор болду. Ушул абалдан кантип чыгам?  

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2022, 10:16

Зарина Усупова

Психолог

Саламатсызбы! Катыңызды окуп чыгып, сизге чын көңүлүмдөн колдоо көрсөткүм келди. Башыңыздан өткөн жагымсыз окуядан уялып, бул ситуациядан арылуу боюнча кайрылыпсыз.Сиз өзүңүздү күнөөлөп, жакындарыңыздын ишеничин актабай калганга окшошуп жатат. Сиз сезип жаткан сезимдерден, сизге оор болуп жатат дедиңиз. Мындайды башынан өткөргөн адам үчүн кайгыруу, уялуу, өзүн күнөөлүү сезүү, ачуулануу нормалдуу көрүнүш. Аны катып, андан тез арылуунун кереги жок, ал ишти капка каткандай эле болуп калат да, зыяны көбүрөөк болот. Андан көрө өзүңүз ишенген адамдар менен абалыңыз тууралуу бөлүшүп, ачылсаңыз өзүңүздү жакшы сезип каласыз. Бул ситуация сизди жаман адам деп көрсөтпөгөнүн эсиңизге салгым келет. Балким бул жагдайдан келечегиңизге жакшы мотивация алаласыз. Убакыттын өтүшү менен бул абалдан чыгышы күтүлөт. Эгерде өзүңүз, жакындарыңыз жардам бере албаса, психологко кайрылсаңыз болот. Бактылуу болуңуз!

Зарина Усупова менен инстаграмдагы @zarina.psYholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт