// //

Мен үчүн бул ишке барган абысыныма ыраазымын

2022.05.24, 16:58
18349

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Эмне деди?

Ыйлап сүйлөй албайм.

- Тийдиби?

- Жооок....

- Урдубу? Чаптыбы?

- Жоок...

- Жүр! Каерден болду? Көрсөт мага.

Абысынымды алдыга салып баратам. Бир туруп күлкүм келет. Мени ушинтип ар дайым коргоп эле басып жүрөт. 

Магазинге кирип бараткам. Алдында эки киши турган. Бир маалда бирөөсү сумкамды тартып алды. Бер десем, экинчисине ыргытты. Анан милиция чакырам десем кайтарып берип каткырышты. Ушундай жаман болдум. Ыйлагым келди. Эмне кылышты билбедим. Күйөөмө чалайын дедим, бирок алыста жүргөндө кабатыр кылгым келбеди. Дароо абысыным эсиме түштү. Үйүнө жөнөдүм.

Абысынымды бир көргөндө эле жактыргам. Жаңы келин болуп келгенде дароо көзүмө түшкөн. Бир үйдү тейлеп, конокторду жайгаштырып баарына жетишип жүргөн. Келиндер бир жерге чогулуп отура калса, "ушактарыңарды биздин артыбыздан айтасыңар" деп, баарын жумушка салып жатты. "Жаңы келинди иштетпейсиңби" дешсе, "жаңы келин силерге кул беле, аны сыйлаш керек" дегенде оозум ачылган. 

Абысынымдан коркушат, ошон үчүн мага эч ким сүйлөй албайт. Конокторго барсам, идиш жуубайм, төрдө отурам.

Абысынымдай болгум келет. Өз оюн так айткан, жумушту майын чыгара жасаган, ачык сүйлөгөн, эч нерседен коркпогон аял. Көйгөйлөрүмдү айтып барсам, "ушул дагы кеппи" деп, кеңеш берип койсо, көзүм ачылып калат. "Өзүңдү басынтууга эч качан жол бербе" деп турат. 

Барсак тигил экөө туруптур. "Апаңды ээрчитип келдиңби" деп каткырышты. Ичимдеги баланы ойлодум. Болбосо мен деле жообун берет элем. Абысыным "мага кой деп" алар менен сүйлөшкөнү басып кетти. 

Айыппул төлөп беришти. Милицияга барганда экөө тең кечирим сурап көздөрү алайып чыкты. Абысыным милицияга алып барганга чейин жакшы эле сүйлөштү. Ал жагын айтпай эле коеюн. 

Эч нерседен коркпой мени коргоду. Деги эле ар дайым мени коргоп басып жүрөт. Бул үчүн ага чексиз ыраазымын. Абысындар дос болбойт дешет эле, мен буга кошулбайм. Менин абысыным достон дагы жогору, бир тууганымдай. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт