// //

Бир аял "күйөөм менен жүрдүң" деп мени айыптап жатат. Эмне кылсам болот?

2022.05.24, 12:05
10044

Саламатсызбы! Менде мындай окуя болуп жатат. Кышында айылдан бир такси менен келгем шаарга. Ал таксини группалардан эле таап сүйлөшүп келгем. Мени үй-бүлөм бар, эки баланын апасымын. Ошол таксист мага эки күндөн кийин ватсаптан жазып калыптыр. "Айылга кетпейт белең случайно" деп. Мен "жок" эле деп жазгам. Кийин дагы "кандайсың" деп бир-эки жолу жазган болчу. Бирок жооп берген эмесмин. Эми аялы ошол мага жазган смстерин окуп алып, мага толтура нерселерди, айтпаган нерсеси калган жок. Мен "сенин күйөөңдү тааныбайм, кимсиң өзү" десем да болбойт. Сөзгө түшүндүрө албай койдум. Инстаграмдан сүрөттөрүмдү таап алып, биздин айылдагылардан сураштырып жүрүптүр."Ушул келин менин семьямды бузуп жатат", "күйөөм ушул келин менен жүрөт экен" деп. Россиядагы кайын сиңдиме дагы жетиптир. Ал кече жазып, "жеңе мен ишенген жокмун, эмне болду эле"дейт. Арыз жазсам болобу? Ушул нерсени жолдошум, кайын атам, кайын энемдер укса эмне деп ойлойт мени. Кыжаалат болуп кеттим. Тиги келин ажаан экен, түшүнбөйт экен сөзгө. Кандай чара колдонсом болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.05.2022, 12:21

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Эгер кадыр-баркыңызга шек келтирип, сиз жөнүндө туура эмес сөз чыгарып жаткан болсо милицияга арыз менен кайрылсаңыз болот. Болгон окуяны толук айтып бериңиз, таксисттин сизге жазган каттарын тактап алыңыз, уят же сексуалдык мүнөздө болсо, ага карата чара көрүп берүүсүн сураныңыз. Бул маселени карап берүү үчүн айыл аксакалдарына дагы айтсаңыз болот. Бүгүнкү күндө окуяны жаап жашыруу мүмкүн эместей, анткени тиги аял баарын тактап жүрүптүр. Ал аялга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Жолугушууга өзүңүз барбаңыз. "Бул окуя курчуп кетсе, кеспеттери жаман болуп, укук бузууга алып келиши мүмкүн, ошон үчүн профилактикалык иш жүргүзгүлө деп" аймактык тескөөчүдөн же милициядан өтүнүңүз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт