// //

Күйөөмө чала берген кыздан кантип кутулсам болот?

2022.05.23, 14:42
4376

Бир кыз үй-бүлөмдүн тынчын алып аябай тажатты. Алты жылдан бери ошонун айынан уруш. Күйөөмө жазып, кээде ачык эле чалат. Аны кантип жок кылсам болот?

Жакшы да, жаман да айтып көрдүм. Сабарым түгөнгөндө, “күйөөмдү тынч койбосоң, сени издеп таап башкача сүйлөшөм” деп уруштум. Мындай учурларда бир-эки ай жок болуп кетет. Бүттү деп сүйүнүп калсам, кайра пайда болот.

Күйөөмө “аныңды жок кыл” деп айта берип тилим тешилди. Балким мен жок эсине келип калаар деп кетип да көрдүм. Бир да сөзүмдү укпайт. Мен бармынбы же жокмунбу иши жок. Кызыгы, ал кыздын номери күйөөмдө сакталуу. Өчүрүп салсам, кайра таап алат. Ким экенин сурасам үн катпай отура берет.

Чарчадым. Айла жок кайын энеме айттым. Ал тиги кызга чалды. Анда да жөн калбай, күйөөмө апаң чалды деп, мени жамандап коюптур. Жолдошум кайра мени сөктү. Ортобуздагы сый жоголуп баратат. Ойлоно берип оорукчан болуп калым.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2022, 14:43

Асель Баимбетова

Психолог

Катыңызды окуп чыктым. Учурдагы абалыңыз оор экен. Үй-бүлөңүз үчүн кам көрүп, бузулуп калбаса экен деп кабатыр болуп, көйгөйдүн баары ошол кызда деп ойлоп жатасыз. Ооба, кызда кандайдыр бир күнөө бар, бирок эң негизги жоопкерчилик күйөөңүздө. Балким экөөңөр үй-бүлө куруп жатканда сол жакка баспай турганы боюнча сүйлөшкөнсүңөр. Эми ал бул эрежелерди сактабай жаткандай көрүнөт. Анан сизге күйөөңүз менен эмес, ал кыз менен чечишкен оңоюраак болууда.

Бирок, бул жерде кеп чалып жаткан кызда эмес, жолдошуңуз экөөңөрдүн ортодогу мамиледе. Мүмкүн ачык айткыңыз келбеген бир көйгөй бар, анан жөн гана бул кыздан арылгыңыз келип жатат. Эгер ал кыз чалса, белгилүү бир убакыттан кийин пайда болуп жатса, демек, күйөөңүз аны менен сүйлөшөт, ортолорунда мамиле бар. Күйөөңүздүн бул кылыктарына чыдап, ушундай шартта жашоого макул болууга даярсызбы, өзүңүз чечесиз.  

Учурда энергияңыздын баарын ошол жакка коротуп, нерв болуп, өз жашооңуз менен жашабай элесиз. Ден соолугуңуз начарлап, аябай кабатыр болуп жатсаңыз, Сиз үчүн бул нерсе аябай маанилүү болсо, анда туугандарыңызга айтып кеңеш алыңыз. Күйөөңүз эмне үчүн мындай кылып жатканын айтсын. Көйгөйдү жалгыз чечип, сизге эч ким жардам бербегендей көрүнөт. Өз туугандарыңыз менен сүйлөшүп, кеңеш, колдоо алып көрүңүз. Дагы бир ирет айтам, кеп кызда эмес, күйөөңүздө, ошондой мамилеге жол берген сизде.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт