// //

Күйөөм элдин көзүнчө өбөт, эл жокто кагып-силкет

2022.05.19, 16:48
16756

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келинден келип түшкөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Күүгүм кирип калган маалда дарбаза ачылды. Чемоданын сүйрөгөн жаш келин чыгып, эшигин тарс эттире жапты. Ойлонуп бир саамга турду, анан чоң жолду көздөй бет алды. Суук жел согуп жатты. Бирок үшүгөн жок. Анткени, жүрөгү эбак тоңуп калган. Такси тосуп бир сааттай турду. Бул учурда бирөөнү күткөндөй кылчайып артын карап жатты. Эч ким келген жок. Токтогон машинага отуруп  кетип калды.

Кино көргөндөй эле болдуңарбы? Анда эмесе ток этер жерин айтайын, жанагы келин мен, эки жүздүүлүктөн тажап кетип бараткан учурумду баяндап бердим. Эми окуянын чоо жайын түшүндүрүп өтөйүн.

Бардык эле сабырдын түбү сары алтын эмес экен. Андыктан, убактыңарды текке кетирип отура бербегиле. Жакшы эле чыдадым, бирок мындан башка аргам калбады. Мен жөн гана бактылуу болуп жашаоону чечтим. 

Күйөөм мени сүйбөйт. Кагып-силкип сүйлөйт, эркелетпейт, жакшы сөз айтпайт, сөгөт, сыйлабайт, ар дайым ыраазы эмес ж.б. Бирок, элдин көзүнчө андан өткөн камкор күйөө жок.

Жакшы кызматты ээлейт. Той-топурга көп чыгабыз. Кайда барбайлы эл сыйлап турат. Машинада урушуп-талашып барабыз. Ресторандын алдына келип токтогондо, дароо өзгөрөт. Сыртка чыгып эшикти ачып берет. Унчукпай түшөм. Колумдан жетелеп күтүп турган конокторду көздөй жөнөйт.

Элдин көзүнчө ушундай кам көрөт. Алдыма тамак салып, көйнөгүмдү түздөп, бетимден өөп, кучактап, айтор, өзүнчө эле “джентельмен”. Көргөндөр аны мактап калышса ого бетер күчөйт. Үйдө болсо мени көргүсү жок. Эки жүздүүлүгүнөн кускум келет.

Жаштарга тост сүйлөп жатканын уксаңар, чалкаңардан кетесиңер. “Аялыңды сыйла”, “ар дайым жанында бол”, “жакшы сөзүңдү аяба”, дагы жүрөгүм айланып кетти. Өзү ошонун бирөөсүн дагы кылбайт. “Иий, күйөөң сонун э, кандай гана бактылуусуң” дешип айымдар көз артышат. Күлүп кутулам.

Көп жолу эмнеге мындай кыларын сурадым. “Менин кызматым ушуну талап кылат, башты оорутпачы”,-деп басып кетет.  

Баарынан тажадым. Бактылуу болгум келди. Акыры чечим кабыл алдым. Кетип жатканымды көрүп токтоткон жок. Мыйыгынан жылмайып телефонун чукулап отура берди. Кичинекей үмүтүм бар эле, ал дагы жалп өчтү.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт