// //

Аялым жаңы алган туфлисин бекитип жүрүп каза болду

2022.05.09, 14:05
8515

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Иий, сонун экен! Канчадан мунуң?

- Акыркысы калды эже. Сизге 1000 сом кылып берем.

- Кымбат ай! 900гө берсең алып кетем.

- Макул, көңүлүңүз ооруп калбасын. Алыңыз.

- Иий, сонун экен, ай! Жуман карасаң, жараштыбы?

- Ооба.

Назирага туфли  аябай жакты. Үйгө келип кечке кармалап отурду. Балдар көрөйүн десе да берген жок.

- Эртең жумушуңа кийип барасыңбы?

- Жок ай, муну мындай күндөрдө кийбейт. Кийин жакшылыктарга кийип барам.

Коробкасына салып бекитип койду. 2 жыл өттү. Канчалаган тойго бардык. Ана кием, мына кием деп аяп жүрүп такыр кийген жок. Сурасам убактысы келе эле деп коет. Жаңы бойдон шкафта турду.

- Алло, Жуман Мукамбетов бекен?

- Ооба.

- Бейтапканадан чалып жатабыз. Аялыңыз оор абалда келип түштү. Тезирээк...

- Дарегиңер кандай!

Жумушунан чыкканда машина сүзүп кетиптир. 25 жыл жашаган түгөйүмөн бир заматта ажырап калдым. Жерге бердик. Чоң үйдө жалгыз калдым. Балдар эбак чоңойгон, өз турмуштары бар.

Шкафты ачтым. Баягы туфли көзүмө урунду. Коробкасын ачсам ошол бойдон жаңы. Туфлини кучактап катуу бакырып ыйлап кирдим. "Назира, эми убактысы келгендир!"

Биз адамдар жашообузду дайыма эртеңкиге калтыра берет экенбиз. Балдар чоңойсун, кредит бүтсүн, жаз келсин деп ар кайсы шылтоону айтып, азыр бактылуу болуудан качабыз. Эртең менен кечти күтөбүз. Кечинде таңды күтөбүз. Эртең жок! Түшүнүп жатасыңарбы? Эртең жок! Назирам жок!

Кооз идиштерди, туфлини, кийимдерди өзүбүздөн аяйбыз. Ыңгайлуу учурду күтөбүз. Жаштыгыбызды карылыкка калтырабыз. Бүгүн жашаш керек экенин унутабыз. Анан бир заматта каза болуп калабыз. 

Туфли кийилбеген бойдон таштандыга ыргытылды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт