// //

Аялымды бетинен өөп алып эсим ооп калайын дедим

2022.05.08, 12:36
8776

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Балдар үчүн атасы менен апасынын бактылуу экенин көрүү маанилүү экенин кеч түшүнгөнүмө өкүнөм.

Өзүбүз мындайды көрүп чоңойбогондон кийин, аны жасоо кыйын экен. Кичинемде атам апамды эч качан кучактап өпкөн эмес. Сөгүнүп, кагынып – силкинип, жаман сөздөрдү сүйлөп басып жүрчү. Апам байкуштун муңдуу көздөрүн карай албайт элем. Атамдын заар тили апама гана эмес, бизге дагы көп жолу тийди. Ошон үчүнбү, билбейм, айтор сезимдерин сыртка чыгара албаган жигит болуп бой жеттим.

Аялзатына жакшы мамиле кылуу деген мен үчүн жат нерсе болчу. Досторум кыздарына гүл берип, кучактап өпсө, “ваай” деп колум менен көрсөтүп күлөт элем. Бул көрүнүш келинчегимди жолуктурганга чейин уланды.

Үйлөндүм. Көр турмуш экөөбүздү өз кучагына ала баштады. Акча, акча, акча... Акчабыз көп болсо эле, бактылуу болчудай сезиле берчү. Тогуз жыл кантип өткөнүн билбедик. Жаңы стол, жаңы обои, жаңы телевизор ж.б. Модадан калбайлы, аяштарга уят болбойлу деп тытынып жүрүп, бир күн жайбаракат жатпаганыбызды билдим.

Жыл өткөн сайын аялым экөөбүздүн урушубуз көбөйдү. Эң жаманы, мен атама окшоп бараттым. А кичинемде эч качан андай болбойм дечү элем. Балдарым менден качып, аялымдын кабагы бүркөлүп, чекесин бырыш басты. Үйүбүз муздап, кут качты.

Ал күн дале эсимде. 8-март эле. Торт алып үйгө келдим. Аялым балдар менен мультфильм көрүп отуруптур. Колумдагы тортту көрүп таң калып калды. “Майрамың менен!” Бетинен өөп тортту берип, бөлмөмө кирип кеттим. Бөлмөмө жеткиче эсим ооп калайын дедим, колдорум титиреп, бетим кызарып чыкты. Кичүү кызым “атам апамды өптү”,-деп секире баштады. Кийимдеримди алмаштырып чыксам аялым тортту кесип жатыптыр. Жүзүндө жылмаюу. Чогуу отуруп торт жедик. Биринчи жолу тынч уктадым.

Эртеси жумушка жөнөп баратып аялымды  дагы өөп койдум. Балдарым карап туруп калды. Кызым “атам апамды өптү”,-деп дагы секирди. Улуу балам күлүп карады.

Азыр күн сайын аялымды себепсиз эле өбөм. Өпмөйүн тура албайм. Баягыда унутуп калыпмын, ортончу балам келип “бүгүн апамды өпкөн жоксуң” деди. Балдарымдын мага болгон сыйын байкай баштадым. Аялым дагы кабагы ачылып, баягыдай күлүп калды. Деги эле үйдөгү атмосфера өзгөрдү. Өзүм дагы жумуштан кийин үйгө шашчу болдум.

Кечээ түндө аялым экөөбүз “тытынбай, жашоодон ырахат алып жөн гана жашайлычы” деген келишим түздүк. Күн өткөн сайын аяштарыбыздын үйүндө акыркы модадагы буюмдар көбөйдү, биздикинде сүйүү көбөйдү.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт