Англис тилин үйрөнүп жаткандар үчүн 5 пайдалуу телеграм канал
Салам достор! Бүгүн биз силер менен Telegram'да англис тилин үйрөнүү үчүн сонун ресурстар менен бөлүшөбүз. Дароо катталып алып, окууну баштаңыз.
English Podcasts
Англисче угуу жана сүйлөө жөндөмүн жакшырткысы келген, тил билүү деңгээли орточо болгон адамдар үчүн пайдалуу канал. Катталып алып, жолдо баратканда же бош жатканда, музыканын ордуна угуңуз.
IELTS With Masters
IELTS экзаменин тапшырууну пландап жүрсөңүз, анда бул канал сиз үчүн табылга болуп саналат. Грамматика, аудио, видео, айтор баарын таба аласыз.
English for Life
Күнүмдүк жашоодо керек болчу сөздөр, фразалар бар. Аларды билип алсаңыз, бейкапар англис тилдин өкүлү менен сүйлөшө бересиз.
Slang Bang
Англисче сленгдерди жана фразеологизмдерди бат жана кыска убакыт ичинде жаттагысы келгендер үчүн сонун канал.
"Книги на английском"
Англисче китеп окуганды жактыргандар үчүн онлайн китепкана. Бул жерден бардык жанрдагы китептерди таба аласыз.
Окууңузга ийгилик!