// //

Англис тилин үйрөнүү үчүн 13 подкаст

2022.03.28, 15:46
1856

Англисче подкасттар - тилди бекер үйрөнүүнүн же жакшыртуунун эң сонун жолу. Аларды каалаган жерден уга аласыз: жолдо, кечки тамак жасап жатканда же жатар алдында. 

Үйрөнчүктөр үчүн подкасттар

Don't Speak

Бул подкаст жөн гана тил үйрөнүүнү каалагандар үчүн ылайыктуу. Программа орус тилинде, алып баруучулар англис тилинин грамматикасын түшүндүрүп, сөз байлыкты кантип көбөйтүүнү жана чакты эстеп калуу жолдорун айтып беришет.

Английский по песням

Бул подкасттын жардамы менен сүйүктүү ырларыңыздын чыныгы маанисин билип гана тим болбостон, аткаруучулар колдонгон оозеки фразаларды жана идиомаларды да үйрөнө аласыз.

6 minute English от BBC

Подкаст канча убакытка созуларын аты эле айтып турат. Бул англис тилине көп убакыт бөлө албагандар үчүн идеалдуу: тиш жууп жатканда же эртең мененки тамакты даярдап жатканда программанын эпизодун уга аласыз.

Slow American English

Англисче жакшы сүйлөп, бирок оозеки кепти түшүнө албагандарга. Алып баруучулар Американын тарыхы, географиясы жана маданияты тууралуу жай жана так айтып беришет.

Intermediate деңгээли үчүн подкасттар

Voice of America — As It Is

Англис тилин жакшыртуу үчүн аны күнүмдүк адатка айлантуу керек. Чет тилде тасмаларды көрүп же жаңылыктарды окуй аласыз. As It Is — дүйнөлүк жаңылыктар тууралуу кыска күнүмдүк подкасттар.

Luke's English Podcast

Бул подкасттын жардамы менен дүйнө жүзү боюнча адамдар англис тилин үйрөнүп жатышат. Ал 2009-жылдан бери чыгып келе жатат жана азыр 740тан ашуун эпизоду бар. Алып баруучу стендап куудул болгондуктан, англис тилин үйрөнүү кызыктуу.

Stuff You Should Know

Бул подкаст 10 жылдан ашык убакыттан бери англис тилдүү подкасттардын рейтингинде жогорку орунду ээлеп келет. Анын эки алып баруучусу маданият, тарых жана илимди талкуулашат.

Advanced деңгээли үчүн подкасттар

Serial

Бул подкаст подкасттар дүйнөсүндө чыныгы легендага айланган, мындайча айтканда эң популярдуу аудио шоу болуп эсептелет. Резонанстуу иштерге арналган даректүү журналисттик иликтөө тууралуу. Биринчи сезондо алып баруучулар Балтимордон келген студенттин өлтүрүлүшү тууралуу айтышкан. Кылмыш окуялары атмосфералык үндөр менен коштолот - эшиктин кычырышы, тездетилген кадамдар, эшиктин коңгуроосу дегендей.

No Such Thing as A Fish

Бул подкастта төрт алып баруучу ушул аптада билишкен эң таң калыштуу фактыларды талкуулоо үчүн чогулушат.

You Must Remember This

Бул подкаст кино сүйүүчүлөр үчүн чыныгы табылга. Шоу Голливуддун тарыхына арналган. Алып баруучу 20-кылымдын популярдуу тасмалары кантип тартылганын айтып берет.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт