// //

Уулум келиниме мага эмес, бул аялга алып барып жоолук салдырыптыр

2022.04.27, 12:05
26502

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Ай, кайда жеттиңер? Эт эзилип, коноктор таркап кетмей болду го!

- Апа, биз айылга кирип баратабыз. 

- Апей ботом, кайсы айыл?

Уулум үйлөнөрүн айткандан бери бутубуз жерге тийбей чуркап жүрдүк. Үйдү бир сыйра жаңыртып, базарга күнүнө төрт-беш жолу каттап калдык. Күйөөм союшка мал таппай убара. Экөөбүз түнгө барып, "даже" таң атканда уктайбыз. Ананчы, биринчи жолу келин алып жатсак, атасы экөөбүз кантип жөн отурмак элек.

Кичүү уулум кызганып, "менде дагы ушинтесиңерби" дейт. Атасы экөөбүз аны чычалатып, "жок ай, сенде чыгым болбойбуз" деп күлөбүз. Жашы жыйырмадан ашса да, дале бала. Бултуюп бөлмөсүнө кирип жатып алат. 

Тун уулубуз өзгөчө кыраакы адам. Аны досторы "абышка" деп коюшат. Сүйлөшүп отурсаң, көптү көргөндөй башкача сүйлөйт. Акылдуусун айтпагыла. Ананчы, таенесинин колунда, кемпирдин баласы болуп өскөн да.

Күйөөм экөөбүз студент элек. Балалуу болгондо, аны таенесине таштап Москвага окууга кетип калганбыз. Төрт жашында өз колубузга алдык. Баары бир кемпирдин тарбиясын алып калыпган бала, айылга эле кача берчү. Уулубуздун талдында күнөөлүбүз. Ага жакшы мээрим төгө албадык, бирок ушундай жакшы көрөбүз. Ошон үчүн го, андан кийинки эки балабызга тим эле мээрим төгүп, эрке кылып өстүрдүк. Ал экөө бизден эмес, байкесинен коркушат.

Биринчи келиниме ак жоолукту мен эмес, ошол аял салды. 

Көрсө, таенесине кичинесинде сөз берген экен. "Аялымды биринчи жолу сизге көрсөтүп, батаңызды алам" деп. Мен аны кайдан билдим. Төшөктө жаткан апам шаарга келалбай калган. Уулум айткан сөзүн кыйбай, айылга барыптыр. Алтын балам десе, сени менен сыймыктанам. 

Апам төшөктө жаткан жеринен жоолук салып, көзүнө жаш алып небересине батасын берип, кайра шаарга узатыптыр. Үйгө таң атканда кирип келишти. Ошентип келиндүү болдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт