// //

Атам ичкич болгону үчүн күйөөгө тийгим келбейт. Эмне кылсам болот?

2022.04.26, 17:27
5304

Саламатсызбы, мен психологдун кеңешине муктаж болуп турган учурум. Студентмин, 19 жаштамын. Үч бир тууганбыз, менден кийин дагы эки иним бар.

Мени ойлондурган маселе, атамдын арак ичкени. Биз эс тарткандан бери эле үй-бүлөбүзгө тынчтык бербей ичет. Апам мектепте мугалим болуп иштейт.  Атамдын биз менен иши жок, жөн турбай апамдын таап келген акчасын да ичип жок кылып салчу. Кечкисин үйгө келгенде жөн жатып калбай, апама, бизге асылат. Атаман качып, суукта тоңуп, далай жолу мал сарайда түнөдүк. Бир жылдай даваатка чыгып, намаз окуп оңолгонсуп калган. Анан кайра эле иче баштады.

Соо кезинде атаман өткөн жакшы киши жок. Апам алкаш болсо да өз атаңар деп, өмүр бою чыдап жашап келди.

Мен атамдын арак ичкенинен уялам. Ошонун айынан уялчак, жалтак, өз оюн ачык айта албаган кыз болуп чоңойдум. Кээде өлүп алгым келет. Анан апамды ойлоп, аны аяйм. Турмушка да чыккым келбейт. Күйөөмө, кайын-журтума атам ичет деп кантип айтам?

Мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.04.2022, 17:28

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык!

Мен сизге боорум ооруп турат. Сизге окшогондор абдан көп. Атасы же апасы ичкич болгон үй-бүлөдө чоңойгон далай кыздар, балдар бар.

Алар өздөрүн уялчак, тартынчак, өтүмү жок, алсыз, өзүнө болгон ишеними жок, деп сүрөттөшөт. Муну өмүрүнүн акырына чейин көтөрө турган жүк, түйшүк катары кабыл алышат. Сиз жаңылып жатасыз.

Сиздин эч кандай күнөөңүз жок!

Атаңыздын ичкени анын жеке тандоосу, ал өзү ошол жолдо болууну чечти. Сиз анын тандоосу жана анын чечими үчүн жооптуу эмессиз. Атаңыздын ичкич болгону сизге эч кандай мүнөздөмө бербейт. Сиз өз алдынча адам, өз алдынча инсансыз. Бул туңгуюктан чыгып, ата-энеңизден айырмаланган, башкача, бактылуу жана ийгиликтүү жашоо курууга толук мүмкүнчүлүгүңүз жана укугуңуз бар.

Ал үчүн:

  1. Өзүңүздү күнөөлөө сезиминен арылыңыз.
  2. Атаңыздын ичкендиги үчүн өзүңүздү уяткарбаңыз.
  3. Эсиңизде болсун! Сиз өз алдынча адамсыз. Атаңыздын ичкени сиздин жеке сапаттарыңызга эч кандай таасирин тийгизбейт жана сизди мүнөздөбөйт.
  4. Бактылуу жашоого толук мүмкүнчүлүгүңүз жана укугуңуз бар.
  5. Атаңызды өзгөртүүгө же аркечтиктен куткарып калууга убактыңызды коротпоңуз.

Сиздин колуңуздан бардыгы келет. Өзүңүзгө ишениңиз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт