// //

Айыктырса болчу жыныстык жол менен жугуучу 4 инфекция

2022.04.22, 09:53
5828

Салам достор! Бүгүн биз силерге жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар жөнүндө айтып беребиз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыныстык жол менен жугуучу вирустардын жана бактериялардын 30дан ашык түрү бар. Бул 30дун ичинен сегизи эң кеңири таралгандардын катарына кирет. Ал эми ошол сегизөөнүн төртөөсүн айыктырса болот. Алар кайсылар экен деп калдыңызбы? Анда, каруселди оңго жылдырып окуңуз.

Эскертүү! Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар негизинен жыныстык катнаш аркылуу, анын ичинде вагиналдык, анал жана оралдык секс аркылуу жугат. Мындан тышкары, бир катарлары кан же кан препараттары аркылуу жугушу мүмкүн. Көптөгөн жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, анын ичинде хламидиоз, гонорея, гепатит В, ВИЧ жана сифилис, кош бойлуу жана төрөт учурунда энеден балага жугушу мүмкүн.

Гонорея

Гонорея – жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оору. Оорунун козгогучу гонококк бактериясы. Оору заара чыгаруучу органдардын былжыр челдерин жабыркатат. Белгилери: кычышат, ачышат, тез-тез заара ушатканы чуркайт, ириң суюктугу бөлүнүп чыгат, ичинин төмөн жагы, бели оорутат, дене табынын көтөрүлүшү байкалат.

Хламидиоз

Хламидиоз — жыныстык жол менен жугуучу, көп кездешкен инфекциялардын бири. Муну хламидия трахоматис бактериясы козгойт. Хламидиоз көп учурда жуктуруп алганда дароо билинбейт, себеби ачык белгилери жок эле пайда болот. Белгилери: ак түстөгү “выделение”, заара учурунда жагымсыз оорутуу, ичтин оорушу, жыныстык аймактын кычышуусу, температура, алсыздануу.

Трихомониаз

Трихомониаз – жыныстык жол менен жугуучу өтө жашыруун оору. Көпчүлүк учурларда, анын ачык белгилери жок, ошонусу менен кооптуу болуп саналат. Тиешелүү анализдерди тапшырып, экспертизадан өтмөйүнчө, бейтап анын бар экендиги жөнүндө билбеши мүмкүн. Белгилери: сары-жашыл, көбүктүү “выделение” агат, кычыштырат, ачыштырат.

Сифилис

Сифилис – кубарган трепонема вирусу козгогон, организмдин баардык системасын жабыркаткан, жугуштуу венерикалык оору. Белгилери: агыш тарткан катуу жара пайда болот, муундар ооруп, убакыт өтүшү менен бүтүндөй денени жара басат.

Бул инфекциялардын айыгууга мүмкүн экендиги ден соолукка олуттуу зыян келтирбейт дегенди билдирбейт. Эгерде жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын бирөөсүн жуктурсаңыз, анда дарыгердин көзөмөлүндө болуп, толук сакайып кеткенче, антибиотиктерди жана вируска каршы препараттарды кабыл алышыңыз керек. Эгер убагында дарыгерге барбай, айткандарын аткарбай өтүштүрүп жиберсеңиз, кесепеттери оор болот.

Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларды, ВИЧти жана күтүлбөгөн кош бойлуулукту алдын алуу үчүн презервативди туура жана ар дайым колдонуу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт