Корей тилин бекер үйрөнүү үчүн 4 сайт
Салам достор! Көптөн бери корей тилин үйрөнүүнү каалап, бирок убакытыңыз болбой жүрдү беле. Анда бул сайттар сиз үчүн пайдалуу болот.
Hangugo
Бул сайтта корей тилинде жазганды үйрөнүү, башталгыч, орто жана жогорку деңгээлдер үчүн грамматика, окууга көнүгүү үчүн тексттер бар. Ар бир сабак тапшырмалар жана аудио материалдар менен коштолот.
Бул курс сизди корей тили менен тааныштырып, корей маданиятын көрсөтүп жана түшүндүрүп, чыныгы корей тилинде баарлашууга мүмкүнчүлүк берет.
Korean Wiki Project
Бул долбоор корей тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн сонун платформа. Ал жерде бардык курстар, маалыматтар бириктирилип, жеткиликтүү кылып жасалган. Сайтка кирип, өз деңгээлиңизге жараша курс тапсаңыз болот.
Korean Simple
Окуу китептериндеги эскирген маалыматтардан жана кызыксыз лекциялардан тажагандар үчүн сайт. Сайттан корей тилинде жөнөкөй жана керектүү нерселерди гана үйрөнө аласыз.