// //

Багбан айым Кайыргүл 200 тонна мөмө баткан склады тууралуу айтып берди

2022.04.21, 13:10
1190

Кайыргүл Узакова Ысык-Көл облусунунун тургуну, 15 жылдан бери багбанчылык тармагында. 2006-жылы «Кредо-Бак» кооперативин түптөп, мөмө-жемиштерди сактоо, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын аймагында мөмө-жемиштерди сатуу менен алектенет.

"Башында бул жердин баары таштак эле. Биз аны тазалап, бак отургуздук. Эми мына, гүлдөп турган убагы. Жыл сайын мөмөсүн жыйнап алабыз. Мындайча айтканда, толук кандуу түшүм берет",-дейт Кайыргүл Узакова.  

Кайыргүл айым негизги жумуш жемиштерди сактоо, ошондой эле мөмө-жемиштерди даярдоо жана сатуу экенин айтты. Бул үчүн эң маанилүү нерсе, керектүү жабдуулар менен камсыздалган складдын болушу шарт. 

"Мөмө-жемиш сактоочу складыбыздын бир камерасына 200 тонна мөмө-жемиш батат. Эң биринчи июлдун аягында абрикос кирет. Ал бир айга сакталат. Андан кийин аны чыгарып кетебиз. Ал убакта алмурут бышып даяр болуп калат. Алмурут 2,5 айдан кийин чыгарылып кетет. Анан алма кирип, май айына чейин сакталат."

Кайыргүл Узакова пландарын ишке ашыруу үчүн "Айыл Банк" менен тыгыз иштешип келет. Алган кредиттерин убагында төлөп, кайра жаңысына документ тапшырганга үлгүрөт. Банк менен иштөө абдан жеңил жана ыңгайлуу экенин кошумчалай дагы кетти.

"2011-жылдан бери ушул складдын ремонт иштери, жабдуулары менен алек болуп жүрөбүз. Бул нерселерди ишке ашыруу үчүн "Айыл Банк" менен иштешип келебиз. Ал жактан ар дайым кредит алып турабыз. Кредиттин пайызы дагы төмөн. Кийинки эки жылда 6% менен алдым. Ага муздаткыч жабдууларын алып, дубалдарын, потологун, полун жылууладык. Буйруса дагы жасалчу иштер көп. Аларды бүткөрүү үчүн дагы "Айыл Банкка" кайыралабыз."

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт