// //

Айыкпай турчу жыныстык жол менен жугуучу 4 инфекция

2022.04.21, 10:10
7333

Салам достор! Бүгүн биз силерге жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар жөнүндө айтып беребиз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыныстык жол менен жугуучу вирустардын жана бактериялардын 30дан ашык түрү бар. Бул 30дун ичинен сегизи эң кеңири таралгандардын катарына кирет. Ал эми ошол сегизөөнүн төртөөсүн айыктырууга болбойт. Булар үчүн колдо болгон дары-дармектер - бул антиретровирустук дарылар, алар толук айыктырбайт, болгону оорунун жүрүшүн жеңилдете алат. Бул кайсылар экен деп калдыңызбы? Анда, каруселди оңго жылдырып окуңуз.

Эскертүү! Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар негизинен жыныстык катнаш аркылуу, анын ичинде вагиналдык, анал жана оралдык секс аркылуу жугат. Мындан тышкары, бир катарлары кан же кан препараттары аркылуу жугушу мүмкүн. Көптөгөн жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, анын ичинде хламидиоз, гонорея, гепатит В, ВИЧ жана сифилис, кош бойлуу жана төрөт учурунда энеден балага жугушу мүмкүн.

Адамдын папилломавирусу

Вирус жукканда эч кандай белги бербейт. Ошон үчүн, көпчүлүк аны жуктуруп алганын билбей калат. Өтүшүп баштаганда гана белгилери байкала баштайт. Белгилери: жагымсыз жаттанган суюктук бөлүнүп чыгат, ич, бел, буттар оорушу мүмкүн, жыныс органдарында учтары учтуу сөөлдөр пайда болот.

Гениталдык герпес

Көбүнчө гениталдык герпес ачык белгилери жок өтөт. Бирок, бул учурда дагы өнөктөштөн өнөктөшкө жуга берет. Белгилери: ачыштыруу, оорутуу, жабыркаган аймактын шишиши, температуранын жогорулашы, ичинде тунук суюктук бар майда көбүкчөлөрдүн пайда болушу.

Гепатит В

Гепатит B – боорго коркунуч туудурган инфекциялык оору. Вирус адамдан адамга кан, сперма же башка дене суюктуктары аркылуу жугат. Белгилери: ачык түстөгү заң, көздүн же теринин саргайышы, калтыроо, ичтин оорушу, жүрөк айлануу жана кусуу, аппетит жоготуу, алсыроо ж.б.

ВИЧ

ВИЧ же АИВ – адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу. ВИЧти тест тапшыруу менен гана аныктоо мүмкүн. Себеби вирус организмде ондогон жылдар бою эч кандай белги бербей, жашап жүрө берет. Айрым белгилери: кээде жуктуруп алгандан кийин дароо суук тийгендей же аллергия сымал белгилер болот, айталы дене табы жогорулап, тамак ооруп ж.б. дегендей.

Булардын бирөөсүн жуктурсаңыз, анда дарыгердин көзөмөлүндө болуп, антиретровирустук дарыларды кабыл алып турушуңуз керек. Эгер убагында дарыгерге барбай, айткандарын аткарбай өтүштүрүп жиберсеңиз, кесепеттери оор болот.

Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларды, ВИЧти жана күтүлбөгөн кош бойлуулукту алдын алуу үчүн презервативди туура жана ар дайым колдонуу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт