// //

25 жылдан кийин бакма экенимди билдим. Чыныгы ата-энемди издеп таба аламбы?

2022.04.20, 15:07
9744

Саламатсызбы! Мени ата-энем жаңы төрөлгөндө Ош шаарындагы төрөтканалардын биринен багып алышыптыр. Бирок алар көп өтпөй ажырашышкан. Мен апамда калгам. Бул чындыкты 25 жылдан кийин билдим башка бирөөдөн. Апамдан сурасам "атаң таанышы аркылуу алган, эч нерсе билбейм" деп койду. Алган атамды издеп таап сурасам, ал дагы эч маалымат бербей, "экинчи ал тема менен кайрылба" деп койду. Ошондо мен чыныгы ата-энем ким экенин кантип, кандай жол менен билсем болот? Кандай жол менен багып алышканын билгим келет. Балким мен сатылып кеткем, же дагы башка ойлор келет. Эгерде төрөгөн эне тирүү болсо, жок дегенде бир издемек да....

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2022, 15:07

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Албетте өз тегин билүү ар бир адамдын укугу.

Сиздин маселеде эгер сизди мыйзамдуу багып алышкан болсо, анда ошол төрөлгөн бейтапканадан баштасаңыз болот. Кийин туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктү кайсы ЖААКтан алган болушса? ошол жерге барып, сиздин туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктүн баштапкы нускасын сурайсыз. Ошол жактан кимдерден, кандайча сизди асырап алган боюнча маалыматтарды табасыз.

Бирок, ушуга даяр болуңуз - бейтапкана дагы, ЖААК органы дагы сиз сураган маалымат-документтерди бере койбойт. Анткени, мыйзам боюнча асырап алуу сыры корголгон. Кимде ким бул маалыматты ачып салса анда, ал КР кылмыш-жаза кодексинин 184-беренеси боюнча жоопко тартылып калат. Ошон үчүн алар сиздин өтүнүчкө баш тартуу (отказ) менен жооп беришет.

Сиз кийин ошол официалдуу баш тартууну сотко даттаныңыз, ал жерде сөзсүз асырап алуу сырын жокко чыгарып берүү талабын да кошуңуз.

КР Үй-бүлө кодексининин 59-беренеси жана Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 7-беренесине ылайык ар бир бала өз ата-энесин билүүгө укуктуу.

Ошондой эле, азыркы ата-энеңиздин бул сырды жайылтууга кагаз жүзүндөгү макулдугун кошо тиркеп койсоңуз жакшы болот.

Сот чечимди сиздин пайдаңызга чыгарып берсе, ошол чечимдин негизинде жогоруда айткан органдарга кайрадан кайрыласыз.

Бирок, эгер сизди мыйзамсыз асырап алышкан болсо анда шанс жокко эсе.

Андыктан, колдон келсе сиз апаңыз же атаңыз менен дагы да жакшылап сүйлөшүп көрүңүз. Чындыкты айтууга көндүргөнгө аракет кылып көрүңүз.

Ийгилик каалайм!

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт