// //

Контрацепцияга байланышкан бул 5 мифке ишенбеңиз

2022.04.20, 11:05
3676

Контрацепциянын негизги милдети - эки өнөктөштүн тең кызыкчылыгында болгон инфекцияны же каалабаган кош бойлуулукту алдын алуу. Акушер-гинеколог, сексолог Эльнура Тештемирова жыныстык катнаш учурунда коргонуу методоруна байланышкан мифтер жөнүндө айтып берди.

1-МИФ. ЭТЕК КИР УЧУРУНДА  БОЙГО БҮТПӨЙТ

Айыз учурунда бойго бүтүү мүмкүн. Себеби аялдын жыныстык органдарында сперматозоиддер 4-5 күнгө чейин жашай алат. Ал эми этек кир орточо эсеп менен 3 күндөн 7 күнгө чейин созулат. Демек, коргонуусуз сексуалдык жакындык каалабаган кош бойлуулукка алып келиши ыктымал: айрыкча жыныстык катнаш этек кирдин акыркы күндөрүндө болсо. Андан сырткары, овуляция ар дайым эле менструалдык циклдин 14 күнүндө боло берет. Кээде айрым факторлордун таасири менен алдыга же артка жылып кетет. Ошол себептен сактануу каражаттарын колдонуу керек.

2-МИФ. ТӨРӨЙ ЭЛЕКТЕРГЕ СПИРАЛЬ САЛДЫРГАН БОЛБОЙТ

Төрөй элек айымдарга спираль салууга болот. Бирок, баары аялдын ден соолук абалынан көз каранды. Айталы, спираль салдырууга каршы көрсөтмөлөр жок болсо, дарыгер эч тоскоолдуксуз салып берет. Ошол эле учурда спираль аялдардын репродуктивдик ден соолугуна оң жана терс таасир тийгизерин түшүнүшүбүз керек. Мисалы, төрөт тажрыйбасы жок айымдарга спираль койгондо, кайра анын түшүп калуу ыктмалы бар. Себеби, алардын жатынынын көлөмү кичине, тонусу жогору болгондуктан, спираль өзүнөн-өзү чыгып кетиши мүмкүн. Андан сырткары, сезгенүү процесстери болсо, спайкалар пайда болушу ыктымал. Ошондуктан, спираль салуудан мурун дарыгерден толук текшерүүдөн өтүп, кеңеш алуу кажет.

ВИЧ-инфекциясынын жеңил же симптомдору жок айымдарга антиретровирустук терапия алып жатканына карабастан спираль салынышы мүмкүн. Болгону спираль орнотуудан мурун  биринчи кезекте сезгенүү оорулары жокпу билүү үчүн гинекологдун текшерүүсүнөн өтүшү керек.

3-МИФ. ЭМИЗИП ЖАТКАНДА БОЙГО БҮТПӨЙТ

Эмизип жатканда бойго бүтөт, этек кир келбесе дагы. Эмчек эмизүүдө бөлүнүп чыккан пролактин гормону овуляцияны басат, анын натыйжасында бойго бүтпөйт. Бирок, бул пролактин гормонунун деңгээли туруктуу эмес. Себеби баланы эмизип жатканда көтөрүлөт, кайра түшөт. Наристе чоңойгон сайын төмөндөйт. Бул учурда овуляция болуп, бойго бүтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, эмизип жатканда этек кир келсе дагы, келбесе дагы сактануу керек.

4-МИФ. БОЙГО БҮТҮРБӨӨЧҮ ТАБЛЕТКАЛАРДЫ ИЧСЕ БАЛАЛУУ БОЛБОЙ КАЛАТ

Бул туура эмес пикир. Гормоналдык таблеткалар аялдын репродуктивдик ден соолугуна терс таасир этпейт. Аны кабыл алууну токтоткондон кийин, организм башында кандай болсо, ошондой эле абалда болот. Тукумсуздук контрацептивдерден эмес, аялдын репродуктивдүү ден соолугунун патологиясынан же башка бир оорулардан улам пайда болушу мүмкүн. Аял гинеколог менен кеңешип, туура гормоналдык таблеткаларды колдонсо, пландалбаган кош бойлуулукту алдын алып, рак ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтат. Ошол эле учурда айызга чейинки симптомдорду жеңилдетет: баш оруу, ичтин катуу оорушу, жүрөк айлануу ж.б. Андан сырткары жатындан сырткары бойго бүтүү коркунучун азайтып, эндометриозду алдын алат. Ошол себептен гормоналдык таблеткалары колдонуунун оң таасирлери өтө көп.

5-МИФ. ПРЕЗЕРВАТИВДИН ОРДУНА ПЛАСТИКАЛЫК ПАКЕТТЕР БОЛОТ

Бул туура эмес. Эч качан бул ыкманы колдонбош керек. Пластикалык пакеттерди такыр колдонууга болбойт. Пластикалык пакеттер аялдын ден соолугуна чоң зыяндарды алып келет: майда травмалар, жыныс кынынын былжыр челинин кесилүүсү ж.б. Кош бойлуулукту алдын алуу үчүн сактануу каражаты катары дагы эффективдүү метод эмес. Азыр презервативдер бардык жерде жеткиликтүү, ошонун өзүн колдонгула.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт