Күйөөмдү дос, тууган-урук, ата-энесинен бөлүп алып бактысызмын. Эми кантем?
Саламатсызбы! Мен да суроо берейин дедим эле. Жолдошум менен баш кошуп жашаганыма 12 жыл болду. Эми ажырашсамбы деп турам. Бирок кантип деген суроо бар. Ортодо балдар бар, жолдошум аябай жакшы мен жаманмын. Кызганыч, эч кимге кошпойм. Дос, тууган-уурук эч ким менен кошпой болуп салгам.
Өзүмдү алсыз аялмын деп эсептейм. Жада калса ата-энесиненда жетим баладай кылып бөлүп алгам. Эми ушунча жыл убакыт өтүп, өкүнүп баарын ордуна алып келейин десем кеч болгондой.
Жолдошумдун бактысыз экенин көрүп, мен андан да бактысыз болуп күндөн күнгө соолуп баратам. Байкуш күйөөм балдар деп байланып жүргөнүн да билем. Кыялым аябай оор. Бирөөгө жоолукса же сүйлөшсө менде "паника" пайда болот. Өзүмө болгон ишенич такыр жок. Өзүмдү озумду оңдогонго такыр күчүмда, акылымда жетпей койду.
Жолдошумду жакшы көрөм. Бирок көйгөй ушундай. Кеңеш бериңизчи, эмне кылам? Кандай болсом болот? Достору, туугандары баары мени жаман көрүшөт. Ошого татыктуу, жаман адаммын деп жашагандан чарчап кеттим.
Айдана Мадишова
Психолог
Урматтуу окурман, катыңызды окуп, сизге мээрим төккүм келип жатат. Себеби сизге сүйүү, ишеним жетишпей жаткандай.
Көйгөй кантип жолдошум менен ажырашам эмес, кантип өзүмдү бактылуу кыла алам болушу керек.
Чындыгында кызганыч, ишенбестик сезими өзүбүзгө болгон өздүк баадан, өзүбүзгө болгон ишеничтен көз караанды. Эгер өзүңүздү сүйүп, өзүңүзгө ишенбесеңиз, жолдошуңуз да сизди сүйбөгөндөй сезиле берет. Андан сырткары, өзүңүзгө болгон ишенимсиздик бир гана сизге эмес балдарыңызга да таасир бериши толук мүмкүн.
Андыктан биринчи кезекте өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз, психологго кайрылып өзүңүзгө болгон мамилени бекемдеңиз.
Ал эми ажырашуу маселесин азырынча токтото туруңуз. Өзүңүзгө болгон сүйүү, ишенич сезимдери калыбына келгенден кийин бул суроону дагы бир жолу ойлонуп көрөсүз. Сизге бакыт каалаймын!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.