// //

Мен ДЦП менен ооруйм. Жигитимдин апасына жакшы келин боло аламбы?

2022.04.18, 11:35
3777

Саламатсызбы! Менин суроом азыр мени ойлондуруп жатат. Бир жигит менен таанышып сүйлөшүп жүрдүк, кыз-жигит болуп. Үйлөнөлү деп апасын да жөнөтүп койгон. Ал келип "күзгө той" деп ата-энем менен сүйлөшүп кетишкен. Бирок бир маселе бар. Мен ДЦП менен ооруймун. Оор жумуш кылганга болбойт мага, анан жөн эле үй иштеринде да кыйналып кетем. Аны жигитим билет башынан эле, эч нерсе эмес деп койгон эле. Азыр апасы "мага жакшы иштеген келин керек" деп жатыптыр. Жигитим "сен чыдай аласыңбы апама", "кийин жашап кете аласыңбы" "өз оюңду айт" деп жатат. Анан апасын айтканы болот экен үйдө. "Дайым иштеп турушуң керек апамдын жанында" деди. Эмне кылсам болот? Башым катып жатат. Чын айтып жатабы же жалганбы белгисиз. Бирок ойлоно берип эмне кылууну билбей калдым. Кеңеш берип коесуздарбы. Кандай чечим кабыл алсам туура болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2022, 11:42

Асель Баимбетова 

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! 

Сиз өзүнүңүздүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүңүздү жакшы билесиз жана  болочок кайын-журтуңуз сиздин үйдө жумуш кылышыңызды каалаарын ачык айтып жатышат. Сиз ал үйдө кандай жумуш жасоо керектигин, деги эле эмне жумуш экенин билишиңиз керек.

Ал үйдө башка келиндер бар болсо, алардан кантип жашап жатышканы жөнүндө көбүрөөк билиңиз. Ошондон кийин колуңузда топтолгон маалыматтан улам, 
бардык жакшы жана жаман жактарын таразалап, ата-энеңиз менен акылдашып, акырында туура чечим кабыл аласыз.

Кыязы сиздин колуңузда маалымат аз, ошондуктан чечим кабыл алуу кыйын болууда. Жакшысы психологго кайрылып кеңеш алыңыз, тактай турчу жагдайлар көп.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт