24 жаштагы жигитим "11ди бүтсөң үйлөнөлү" деп жатат. Эмне кылсам экен?
Саламатсызбы! Мен учурда 11-классты бүтүрүп жатам. Сүйлөшкөн жигитим "Өзүм окутам каалаган окууңа, турмуш куралы 11ди бүтсөң" деп жатат. Эмне кылсак болот? Жигитим 24 жашта. Кеңеш бериңизчи.
Зарина Усупова
Психолог
Саламатсызбы!
Жигитиңиздин каалоо тилегин уктук, а сиз алгач 11-классты аяктагандан кийинки өзүңүздүн планыңыз, максатыңыз деги эле ал боюнча оюңуз жөнүндө эч нерсе жазбаптырсыз. Өзүңүздун оюңуз кандай, өзүңүз эмнени каалайсыз?
Турмушка чыгуу менен жолдошуңа көңүл буруу, кайын-журтка кызмат кылуу, бала төрөп тарбиялоо да кыз баланын башында турган нерсе, аны алып кетүү оңой-олтоң иш эмес. Аны менен бирге жигитиңизге ишенип, окутса билим алып, бир кесиптин ээси болууга, тактап айтканда, бул эки нерсеге бирдей дараметиңиз жетеби?
Бирок жашоо, турмуш тажрыйба көрсөткөндөй, тилекке каршы көп кыз-келиндер күйөөгө чыккандан кийин билим деген эңсөөсү, көп учурда ишке ашпаган кыялы боюнча калат.
Ар нерсе өз убакты-саатында болуп, жогорку билим, өзүн-өнүктүрүү турмуштун ар кандай соккуларына туруштук берүүнү камсыздайт деп ойлойм.
Зарина Усупова менен инстаграмдагы @zarina.psYholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.