// //

11-жыл көзүмө чөп салган күйөөм менен ажырашсам стресс болбоймбу?

2022.04.12, 10:23
1989

Саламатсызбы! Мен деле адам катары суроо берейинчи, чарчап кеттим. Жолдошум бар, балдарым бар. Балдарым үчүн деп жашаганыма 11 жыл болду. Жакшы көрүп турмуш курганбыз. Анан эле үйлөнгөн соң күйөөмдүн сол тарапка басканы башталды. Айыл-апага, тууган-урукка чейин билинип уят болдум. Бирок өзү такыр эле тыйылбады. Чарчап кеттим. Акыркы убакта өзүм үчүн жашоом керек экенин түшүнүп турам. Ажырашкандан кийин психикалык стресске түшүп калбаймбы деп коркуп турам. Психологдон кеңеш алып берсеңер сураныч?.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2022, 10:27

Зарина Усупова

Психолог

Саламатсызбы! Сиз чарчадым деп жатасыз, 11-жыл бул көзгө чөп салганын токтотпой, айыл-апага уят болгонуңуз, ага чыдап балдарым үчүн жашадым дегенибиз абдан өкүндүргөн көрүнүш.

Эне бактылуу болгондо гана балдар бактылуу болорун эсиңизге салгым келет.
Адам өзүн сүйбөгөндөн, өзүн төмөн баалоодон, жашоосунда көп кыйынчылыкка дуушар болот.

Ажырашсам кандай болот, деп өзүңүздү азыртадан коркутуп, стресске түшүп калбаймынбы деген сурооңузга жооп катары айтарым, сиз бул убакытка чейин деле стрессте жүрдүңүз. Сиз стресстен эмес, балким башкасынан коркуп жаткандайсыз. Өзүңүзгө суроо салып тереңинен карап көрүңүз.

Өзүңүз үчүн жашайм деп чечкениңизге абдан кубанып жатам. Өзүңүздү сүйгөндө гана жакын адамдарыңыз дагы сизди сыйлап, баалап, сүйөөрүн билесиз.

Зарина Усупова менен инстаграмдагы @zarina.psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт