// //

Сүйүүнүн чын-жалганын кантип билсе болот?

2018.03.16, 15:39
20119

"Сүйүү" жана "жакшы көрүү" эки түрдүү сезим. Кээде чеги жок кубаныч алып келсе, бирде түбү жок кайгыга салат. Ал эми сиз тандаган адам сизди сүйөөрүн же жөн гана жакшы көрүп жүрөөрүн төмөндөгү мамилелерден улам билип алууга болот.

Эки жаш сүйлөшүп баштаганда бири-бирине жакшы көз ирмемдерди калтыруу менен бирге анын түбөлүктүү болушу үчүн аракет кылат. Өкүнүчтүүсү кээ бир учурларда мындай аракеттин эки тарапта тең болбогону.

- Жигиттеги махабат сезиминин чын же жалган экенин кантип билсе болот?

Албетте ар бир кыз мындай сырды билүүнү самаса керек. Уул баланын кызга болгон сүйүү сезими бар экенин төмөнкү кадамдардан баамдап алууга мүмкүн.

  • Кылган мамилесинен. Сүйгөн жигит кызга кылган мамилесин көпчүлүк жерден көрсөтүүгө тартынбайт. Досторуна, туугандарына, ата-энесине тааныштырганга аракет кылат. Ортодо болуп жаткан мамилени өнүктүрүүгө күчүн жумшайт. Мындай кадамы менен мамилесинин олуттуу жана бекем экенин билдирет.
  • Көз караш, сүйлөшүү манерасы, чалуулар, жазышуулар. Эгер жигит сүйсө өзүн ишенимдүү, туруктуу кылып көрсөткөнгө аракет кылат. Ал өзүнүн жардамын, көңүлүн сунуштайт. Боло турган келечектеги жашоону, үйлөнүү тойду, балдарын көп ойлонуп, кыялданат.
  • Кызгануу. Сүйгөн балада сизге болгон кызгануу сөзсүз болот. Албетте чеги жана шарты менен.

- Ал эми ушул эле махабат сезиминин кызда бар экенин жигиттер кантип билсе болот?

  • Эгер сизге жаккан кыз, биринчилерден болуп тартынбастан чалуу же смс калтырса, эч себепсиз майда белектерди берип турса анда сизге болгон сүйүү сезими бар.
  • Сизге ишенип өзүнүн жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдү, кубанычтарды бөлүшүп, байкеси же атасы катары сизге таянса. Кандай гана кырдаал болбосун эч тартынбастан жардамын берип сиздин жаныңызда дайыма жүрсө. Ал кыздын сизди сүйөөрүнө ишене бериңиз.
  • Жоготуп алуудан коркуп, болгон чындыкты айтып, сизди алдабаса. Ошондой эле башкалардан тымызын кызганып турса, анда ал сиз издеген кыз.

Мамиленин жалганы, башкача айтканда туруктуу эместиги

  • Жигиттин же кыздын мамиле темасынан качуусу. Мамиле тууралуу сүйлөшүүлөр же макулдашуулар болуп жаткан мезгилде бул нерседен качып, сөздү башкага бурушу. Мындай учурда ойлонуп көрүү керек.
  • Кызганычтын жоктугу же обу жок кызгануу. Чеги жок кызгануу көпчүлүк учурларда уруш-талашка жана мамиленин соңуна алып келет. Кызганбоо мамиленин чыңдалышына жол жок дегендей.
  • Орой мамиле. Жөн жерден уруш чыгарып, оройлук кылуусу. Башкалардын арасынан өзүн бийик кармап, сага колдоо көрсөтө албаса анда ортодогу мамилени чыныгы деп айтууга мүмкүн эмес.

Баардык мамиледеги эң жакшы көрүнүш ортодогу ачыктык жана тактык. Бул нерсе болсо мамиленин олуттуу жана туруктуу экендигинен кабар берет. Андыктан мамиле курууну кадимки эле болуп туруучу окуя катары кабыл албай, терең көз караш менен кабыл алгыла.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт