// //

Бул сөздөрдү айтканды үйрөнсөңүз, жашооңуз түп-тамыры менен өзгөрөт

2022.04.04, 16:34
5852
Бул сөздөрдү айтуудан коркпогонду үйрөнүп алсаңыз, өзүңүз үчүн жакшы. Эң негизгиси жашооңуз түп-тамыры менен өзгөрүп, адамдар сизди баалап калат. 

1. "Жок"

"Жок" деп айтууну үйрөнүү - өтө жай процесс, бирок бул сөз жашоону өзгөртөт. Биз көнгөн адатыбыз боюнча көп нерселерге "ооба" деп жооп беребиз. Кээде эмнеге макул болгонубузду да унутуп коебуз. "Жок" деп айтуу менен стресстен жана керексиз милдеттен арылабыз. 

2. "Сен менин жүрөгүмдү ооруттуң"

Бирөөгө сиздин жүрөгүңүздү оорутканын айтуудан коркпоңуз. Эгер ал чынында эле сиз үчүн маанилүү адам болсо, таарынычтарды топтой бербей, көйгөйдү дароо чечүү керек, болбосо кийин жарылып, мамилеге доо кетиришиңиз мүмкүн.

3. "Меники туура эмес"

Күнөөңүздү моюнга алып, туура эмес кылганыңызды айтуудан уялбаңыз. Башында кыйын болушу мүмкүн, бирок аягында кадимкидей эс алып каласыз.

4. "Мен макул эмесмин"

Макул эмес болууга макул болуңуз! Өз оюңузду айтып, ишенген нерсеңизди коргоо - бул кылмыш эмес. Кээде элдер ким менен иш алып барып жаткандарын түшүнүшү үчүн жеке пикириңизди билдирип турушуңуз зарыл.

5. "Жетишет"

Мындан ары бир нерсеге чыдай албасаңыз, аны ачык айтыңыз. Башкалар чектен ашып кеткенде, алардын жаман мамилесине жол бербей турганыңызды сезиши керек. 

6. "Бул сиздин ишиңиз эмес"

Өзүңүздүн жеке жашооңузду коргоого укугуңуз бар экенин унутпаңыз. Бирөөлөр жашооңузга кийлигишип, киргиси келип жатканда, аларды ал жакта күткөн эч ким жок экенин айтып, акырын узатып коюңуз.  

7. "Мен билбейм"

Эмне гана болбосун, элдер "мен билбейм" деп айтуудан качышат. Бирок, эч ким бардык суроолордун жообун билбейт, биз күн сайын окуйбуз. Билбеген нерсеңизди "билбейм" деп айтуудан тартынбаңыз, адатта, абдан акылдуу жана чынчыл адамдар ушинтип жооп беришет.

8. "Мен коркуп жатам"

Бир нерседен коркуп жатканыңызды ачык айтыңыз, аялуу болуудан уялбаңыз. Ошондо гана, башкалар сизге жардам жана колдоо көрсөтө алышат. 

9. "Мен жалгыз калгым келет"

Башка нерселерге алаксыбай, жашооңуз тууралуу ойлонуу үчүн - өзүңүзгө убакыт бөлүп туруңуз. Жалгыз калгыңыз келип жатса, айландагы адамдар бул тууралуу билдириңиз.

10. "Мен сени сүйөм"

Каршыңыздагы адам сиз каалагандай жоопту берет деген кепилдик жок, бирок, эрктүү болуңуз, жүрөгүңүздөгү сезимдерди ачыкка чыгаргандан уялбаңыз. Эртең эмне болоорун эч ким билбейт, ал эми бул үч сөз баарын өзгөртөт. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт