Баламдын сабакка кызыгуусу жок. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Баламдын сабакка кызыгуусу жок. Эмне кылсам болот билбей калдым. Сиздерден сунуш сурайм. Сураныч, жооп берип коесуздарбы.
Нуриза Батырбекова
Психолог
Азыркы учурдагы абдан актуалдуу суроолордун бири.
Биринчиден балаңыздын сабакка болгон көңүлү эмне үчүн жок болуп жаткандыгын аныкташ керек. Мүмкүн, сабак кызыктуу эмес же мугалим менен мамилеси жакшы эмес. Же болбосо окуунун эмне үчүн керек экенин жакшы түшүнө албайт. Дагы бир себеби кластташтары менен болгон мамилеси. Мунун баары сабакка болгон кызыгуусун жоготот.
Үйдөгү атмосфера бала үчүн ыңгайлуу болушу керек. Кандайдыр бир талаш-тартыш, уруштарды балага көрсөтпөөнү сунуштайм. Же баланын өзүнө болгон баасы төмөн болсо окууга болгон көңүлү аз болот.
Балаңыздын окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн ага дем бериңиз. Окуу эмне үчүн керек экенин, билим алуу келечегине кандай таасир берээрин айтыңыз. Кээ бир балдар маалыматты бат кабыл алат, кээ бири тескерисинче. Ошондуктан балага сабырдуулук менен мамиле кылыңыз. “Мен сага жардам берем”, “сенин колуңдан келет”, “сен акылдуусуң”, “чечилбеген маселе болбойт” деген сыяктуу сөздөрдү айтып балаңызга колдоо көрсөтүңүз.
Дагы бир “быйтыкча” деген методика менен бөлүшүп кетейин. Баланын күн тартибин түзүңүз. Канчада турат, канчада жатат, кайсы убакытта ойнойт, сабак окуй турган убакытын белгилеп кагаз бетине түшүрөсүз. Анан балаңызга быйтыкчаларды (жетон) берип аткарылган иштерге быйтыкчаларды чаптайсыз. Эгер сен айтылган тапшырмалардын баарын аткарып, көп быйтыкчаларга ээ болсоң жакшы бир иш кылабыз деңиз. Мисалы, куурчак алып бересиз же чогу тамак жасайсыз. Ушул сыяктуу кызыңыз кызыккан нерсени белек катары коюңуз.
Ошол эле учурда баланын кылып жаткан ишине көңүл буруп, жакшы сапаттарын байкап туруу керек. Эгер начар жүрүм-турумдары болсо көз жуумп койгон дагы туура болот.
“Какыс-кукус” кылып баланы уруп коюу анын кийинки жашоосуна чоң терс таасирин тийгизет. Ошондуктан өзүңүз дагы психоэмоционалдык абалыңызды жакшыртыңыз.
Апанын маанайы ачык болсо, балада дагы ошондой болот. Ийгилик сизге!