// //

Университетте окуп жаткан студент, окуудан кетпей ЖРТга катыша алабы?

2022.03.29, 09:47
1292

Саламатсыздарбы! Менин суроом төмөндөгүчө, иним былтыркы жылы мектепти аяктап чет өлкөгө же Бишкектеги мыкты окуу жайларга тапшыруу үчүн жалпы тестирлөөгө катышкан, бирок жалып жестирлөөдөн чет өлкө үчүн жетишерлик бал алалбай  Бишкектеги мыкты окуу жайга болсо, кээ бир себептер менен тапшыра албай калган. Убакытты уттурбайын деп былтыркы жылы ЖАМУга тапшырган. Бул жыл башкадан даярданып жалпы тестирлөөгө катышууну каалап даярданып жаткан. Жалпы тестирлөөгө катталуу үчүн мектепти аяктагандыгын тастыктоочу аттестаттын түп нускасы керек деп жатат, университетен сураса проректорго арыз жаз деп айтыптыр, арыз жазса проректор же окуудан толугу менен кет же окуу деген шарт коюптур, биз аттестатты бере албайбыз деп. Университеттен аттестаттын түп нускасын алууга же ЖРТга күбөлүктүн көчүрмөсү менен катталуу мүмкүнчүлүгү барбы? Окуудан кетпей эле жалпы тестирлөөгө катышууну каалап жатат, эгер жакшы упай алып калса чет өлкөгө окууга кетмек, болбой калса окуусун уланта бермек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.03.2022, 10:05

Чынара Батракеева

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү 

Студенттин ЖРТ тапшырам деген оюу бар болсо, бирок өзү жогорку окуу жайда окуп жатса, анда тест тапшырганга укугу жок. Бул үчүн окуудан чыгып туруп, анан тапшырышы керек болуп калат. Бизде атайын базабызга ким кайда окуп жатканы киргизилген. Ал адам каттоодон өтүп кетип, тестти тапшырган күндө дагы, универитеттен чыккандыгы боюнча маалымкат алып келмейин, жыйынтыгын бербейбиз. Демек, жогорку окуу жайда окуп жаткан студенттер кайрадан күчүн сынап көрүүнү кааласа, жакшылап ойлонушу керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт