Ажырашкандан кийин кайра жарашууну чечкен жуптар үчүн маалымат
“Ажырашуу адамдын психологиялык абалына аябай оор сокку. Анткени бири-бирин тандаган түгөйлөрдүн союзу бузулуп, эки башка жолго түшүшөт. Мурунку мамилеге кайтууну каалоо нормалдуу көрүнүш”, - дейт психолог Жибек Кенжебаева.
Алгач, эмне үчүн эски мамилени кайтаргым келип жатат? – деген суроого жооп издеп, анализ жүргүзгөнгө аракет кылып көрүү керек.
Көбүн эсе адамдар төмөнкү себептерден улам, эски мамилеге кайткысы келетт:
- Түгөйүңдүн өзгөргөнүнө ишенүү, үмүт кылуу.
Мындай учурда адам жубайын/жолдошун өзгөртө алышына жана мурдагыдан такыр башкача, мамиле кура ала турганына терең ишенет. Бирок, жашоо көрсөткөндөй, андай көрүнуш сейрек болот. Адам өзү кааламайынча аны эч ким өзгөртө албайт.
- Жаңы мамиледен коркуу
Адам жаңы мамиле баштоодон чоочулайт. Көнүп калган, адатка айланган жашоо образын өзгөртүүнү каалабайт, кыйналат. Чынында эле, жаңы мамиле, жаңы жашоо адамдан бир топ убакытты жана энергияны коротуусун талап кылат. Ошондон улам, эскини кайтарып алуу кыйла жеңилирээктей сезиле берет. Мээде калыпка түшүп калган программа, жаңыланып отурбай, мурунку жашоого кайтууну эп көрөт: “Кантсе да бири-бирибизди билебиз, өзүмдүн жолдошум/жубайым да, жаманбы-жакшыбы бир жашап калбадыкпы”, - деген сыяктуу.
- Жалгыз болуудан коркуу
“Убакыт өтүп жатат, эч нерсе өзгөргөн жок! Мен үй-бүлөм болуусун, бала-чакалуу болууну каалайм. Досторумдун балдары чоңоюп калышты. Мен мындан башка эч кимди жолуктурбайм”, - деген ойлор тынч койбойт. Ага кошумча ата-энелер, урук-тууган, жоро-жолдош да үйлөн/турмушка чык, деп какшап туруп алышат. Анан жалгыз болуудан корккон адам, башка кишини издеп отурбай мурункусу менен эле кайра мамиле баштоону туура деп ойлойт.
- Ортодогу балдар
Ортодо балдары бар болсо, “Бала үчүн бир бололу. Ал толук кандуу үй-бүлөдө чоңойсун” деген стереотиптердин негизинде кайра баш кошууну чечишет.
Эгер, жогорудагы мисалдар сиз тууралуу болсо, анда өзүңүздүн үстүнөн иштөө керек. Кээде жалгыздык туура эмес, адам менен бирге болууга караганда артык.
Ошол эле учурда экөөңөр тең бирге болууну кааласаңар, мамилени туруктуу кылуу үчүн экөөңөр тең өзгөрүүгө, түшүнүктүү болууга даяр болсоңор, бул сиздин акыл калчап кабыл алган чечимиңиз болсо, анда алга! Башкысы, аракет эки тараптан тең болууга тийиш. Ансыз бекем мамиле, бактылуу үй-бүлө куралбайт.
Бирге болууну чечсеңер:
- Бул кадамга эмне түрткү бергенин аныктагыла.
- Жаңы мамиле кандай боло турганын алдын ала макулдашып алгыла.
- Сүйлөшүүнү жана угууну үйрөнгүлө. Кайра башынан баштоодон мурун, кайсы көрүнүштөр нааразычылык жараткан, кайсы жараттар айыга элек, кандай мамиле кылуусун каалабайсыңар же каалайсыңар ачык айтып, сүйлөшкүлө. Бири-бириңерди угууга жана түшүнүүгө аракет кылгыла.
- Бардыгын ак барактан баштап жаткан соң мурунку таарыныч, нааразычылыктарды эстебегиле. Мурунку мамиледе болгон чыр-чатактар өткөн чакта калганы оң.
- Шашпагыла. Бири-бирибизди жакшы билебиз деп жарашып алганга шашылбагыла. Мамиле акырындык менен өркүндөп-өсүп өз нугунда жүрө берсин. Бири-бириңердин көңүлүңөргө кылдаттык менен мамиле кылгыла.
Бактылуу болгула!