// //

Кошуналар күйөөм биринчи аялын катуу жакшы көргөнүн айта берет. Эмне кылсам?

2022.03.23, 12:28
8810

27 жаштамын, күйөөм экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Ортобузда бир балабыз бар, эки жашка чыгып калды. Баш кошуп жашап келатканыбызга 3,5 жыл болду. Мен биринчи турмушумдан ажырашкам, күйөөмдүкү өтүп кеткен.

Балам төрөлгөнгө чейин бир да урушпай, жакшы жашап жатканбыз. Кийинки күндөрү көп уруша турган болдук.

Кошуналар, биринчи аялын жакшы көрөт эле, жанынан чыкчу эмес, аялына эч бир иш жасатчу эмес, колун сууга салдырбай өзү чуркап турчу, бул аялына орой мамиле кылат экен, деп сөз кылышат экен. Өзүмө да айтышкан.

Мен ошого ызаланып, күйөм экөөбүз далай уруштук. Кечээ да сен ошол аялыңды жакшы карачу экенсиң, мага антпейт турбайсыңбы, деп урушуп жатканда “Сен анын теңине келбейсин, ооба, жакшы карагам, ооба, жакшы көргөм, эмне дейсиң”, - деди.

Күйөөм өзү ичпейт, чекпейт, жакшы адам. Мага деле жакшы мамиле кылат. Ошентсе да ойлор мени эзип жатат. Ойлонбоюн дейм, болбойт.

Ажырашып кетким келет, бирок баламдын атасы. Кантип бул абалдан чыкса болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.03.2022, 12:28

Асель Баимбетова

Психолог

Сиз кошуналарыңыздын сөздөрүн укканга чейин жакшы жашаган турбайсыңарбы. Эмне максат менен алар сизге көзү өтүп кеткен адам жөнүндө айтып берип жатышат, түшүнүксүз.

Адатта, жакын адамың каза болгондо аны идеалдаштырып алабыз. Биздин маданият да ошондой. Өтүп кеткен кишилер жөнүндө жаман айтпайт, терс жактары эскерилбейт. Мындай образ менен тең тайлашуу абдан оор. Бул бир жагы.

Экинчи жагы, эмнеге сиз кошуналардын айткан-дегендерин угуп жатасыз? Мен бул тууралуу билгим келбейт, уккум келбейт, күйөөмдүн биринчи аялы жөнүндө мага эч нерсе айтып бербегиле. Мага мындай сөздөр катуу тийип жатат. Анын үстүнө көзү өтүп кеткен, жаны тынч жатсын, деп дароо токтотуп салгыла.

Үчүнчүсү, балким өзүнүздө да көйгөй бар? Демек өзүңүзгө болгон ишеним төмөн. Балким бала кезиңизде сизди ар дайым башкаларга салыштыра беришчү, алардын сизге караганда жакышраак, кыйыныраак, сулуураак экенин айтып турушчу. Ошондон улам өз күчүнө ишенбөө сезими калыптанып калган.

Кошуналардын сөзү сизди чычалатып жатса, көйгөй күйөөңүздө же анын биринчи аялында эмес. Болгону сиз салыштырууга туруштук бере албай жатасыз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт