// //

Декретте отурганда акылдан айнып кетпеш үчүн 4 кеңеш

2022.03.23, 10:54
925

Салам достор! Бүгүн биз силерге балдар психологу, коррекциялык педагог Альбина Уланбекованын декеретте отурган энелерге арнап жазган кеңешин сунуштайбыз. Кызыктуу жана пайдалуу маалыматты төмөндөн окуй аласыз. 

Эгер өзүңүздү ыңгайсыз сезип, дайыма чарчаңкы абалда болуп, баркыңызды жогото баштасаңыз, маселени колго алууга убакыт келди. Эмоцияларыңызды жана каалоолоруңузду тактап, аракетти баштаңыз. Албетте, бул үчүн көбүрөөк күч-кубат талап кылынат, бирок натыйжасы сиз күткөндөн дагы сонун болот. 

1-кадам

Кагаз алып, бул суроолорго жооп жазыңыз:

- Азыр жашоомдо эмне болуп жатат?
- Эмне үчүн бул мага жакпай жатат?
- Эмнени өзгөрткүм келет?
- Кандай жыйынтыкка жетким келет?

Жоопторду акылыңызга сактап эмес, сөзсүз жазышыңыз керек. Мындай жөнөкөй практика өзгөрүүгө болгон мотивацияны күчөтөт. 

2-кадам

Эмнеге таасир эте аларыңызды жана эмнеге энергия коротуунун кереги жок экенин түшүнүңүз. 

Мисалы, сыртта аба ырайы бузулуп жатат дейли, ага кейип маанайды түшүрүүнүн ордуна, үйдө отуруп алып кызыктуу эмне кылса болорун ойлонуңуз. Анткени сиз аба ырайын өзгөртө албайсыз, бирок плюстарды таба аласыз. Бул жөндөмдү күн сайын машыктыруу керек. 

Чөйрөңүздөгү эмнелерге таасир бере аласыз ойлонуңуз? Жашоону дагы да жакшыртуу үчүн өзүңүз, балаңыз, күйөөңүз үчүн эмне кыла аласыз? Кимдир бирөөнүн кам көрүшүн күтпөстөн, өзүңуз азыр жасап баштаңыз. 

3-кадам

Өзүңүзгө кам көрүү үчүн сизди эмне бактылуу кыла турга нерселерди табышыңыз керек? Сизге эмне күч берет жана маанайыңызды көтөрөт? Бул нерселердин тизмесин түзүңүз. Тизме колуңузда, көрүнүктүү жерде болсун. Мисалы, эртең менен татуу токоч жеп, кофе ичүү дейли. Ушундай майда нерселерден баштап, массаж курсуна жазылуу менен бүтүрүңүз.

4-кадам

Мунун баарын ишке ашыруу үчүн - убакыт табуу керек. Бул жерде пландаштыруу керек. Кадимки күнүңүз эмнеден башталарын жазыңыз. Интервалдар канчалык кыска болсо, ошончолук жакшы. Ар бир 15-30 мүнөт сайын жумуштарыңызды белгилеп чыгыңыз.

Бул эң көп убакытты талап кылган этап, бирок аны аткаргандан кийин так жыйынтыкты көрөсүз:

  • энергияңызды алып, убактыңызды текке кетирген нерселерди табыңыз;
  • эмнени системалаштырууга жана пландаштырууга болот;
  • кайсы жумуштарды күйөөңүзгө, жакындарга же атайын адистерине тапшырса болот (мисалы, клининг кызматтары, бала багуучу же тамак-аш жеткирүү кызматы).

Ошондо сөзсүз түрдө өзүңүз үчүн убакыт калат. Ал убакыттарга өзүңүз үчүн пландарды киргизиңиз.

Эсиңизде болсун! Эс алган апа = бактылуу үй-бүлө!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт