// //

Жыныстык жашоо башталганда "угрилер" кетип, белиң ичкерет деген чынбы?

2022.03.21, 14:52
8431

- Бетиме угрилер чыгып кетти.

- Күйөөгө тийгенден кийин өзү эле жоголот.

- Этек кирим келип, белим ооруп жатат.

- Күйөөгө тийгенден кийин оорубай калат.

- Төшүм кичинекей, бир аз чоңураак болсо жакшы болмок.

- Күйөөгө тийгенден кийин чоңоёт.

Кыздар мындай сөздү көп эле угушса керек. Жыныстык жашоо менен жашап баштагандан кийин организмде кандай өзгөрүүлөр болот? Чындап эле болобу? Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ ге акушер-гинеколог Раушан Джумагулова айтып берди.

Жыныстык катнаш башталгандан кийин эмне өзгөрөт?

Мен силердин үмүтүңөрдү үзүп коюшум мүмкүн, бирок, жыныстык катнаш башталгандан кийин эч нерсе өзгөрбөйт. Ден соолугуң оңолуп, төшүң чоңоюп, белиң ичкерип, чачың коюланып, бетиңдеги "угрилер" кетип, туптунук болуп калат, - дегендин бары болбогон кеп.

Жыныстык жашоонун башталышы организм үчүн физиологиялык жана психологиялык жактан стресс болуп саналат. Кандай болбосун стресс гормоналдык бузууларга алып келет. Анын натыйжасында айрымдар кескин арыктаса, башкалары тескерисинче толуп кетиши мүмкүн.

Кыздык белги – табигый барьер

Кыздык белги – бул жаш организмди инфекциялардан коргоп турчу табигый тосмо. Жыныстык жашоо башталгандан кийин, ден соолукка өзгөчө кам көрүп, ар дайым гигиенаны сактап, жылуу жүрүү зарыл. Мисалы, медицинада жаңы “үйлөнгөндөрдүн цистити” (цистит новобрачных) деген термин бар. Бул оору менен көбүнчө турмушка жаңы чыккан келиндер жабыркашат, айрым учурларда эркектер дагы. Эгер убагында көрүнүп, дарыланбаса, цистит өнөкөт ооруга айланат.

Позитивдүү жагы

Жыныстык жашоо башталгандан кийинки өзгөрүүлөр, көбүн эсе психосоматикалык өзгөрүүлөр болот. Эгер жыныстык катнаш эки тараптын тең макулдугу менен, жагымдуу маанайда, жайдары өтсө, экөө тең бул процесстен ырахат алса, демек бардыгы жайында.

Эскертүү!!!

Бирок, кандайдыр бир көйгөйлөрүңөрдү (угриден арылуу, арыктоо же толуу) чечүү үчүн  эртелеп жыныстык жашоону баштоонун кереги жок. Секске макул болуудан мурун, төмөнкүлөр эсиңерде болсун:

  • Өнөкөт оорууга айланган жыныстык инфекциялардын көбүн адамдар өспүрүм курагында жугузушат. Себеби, ал тууралуу башкаларга айтуудан тартынышат жана дарыланууга каражаты жок.
  • Жаш организмдин физикалык жана акыл-эсинин жетилүүсү жайлайт. Себеби, жыныстык катнаш өтө көп энергияны алып коет.
  • Ошол эле себепке байланыштуу сабактагы жетишкендиктери төмөндөйт.
  • Кыздар үчүн эртелеп жыныстык жашоону баштоо, эркектер менен болгон мамиленин түбөлүккө бузулушуна алып келет. Себеби, биринчи жолку жыныстык катнаш жагымсыз жана жийиркеничтүү нерсе катары мээде калып калышы мүмкүн. Үй-бүлө курууда тоскоолдук жаратат.
  • Эртелеп жыныстык жашоону баштоо күтүлбөгөн кош бойлуулукка себепкер. Ал эми аборт же төрөт процесси аялдын организми үчүн укмуштуудай стресс, өзгөчө жаш кыздар үчүн.

Ден соолукта болгула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт