// //

"Сен кызсыңбы?" деп сураган жигиттерге кантип жооп бериш керек?

2022.03.21, 13:21
10864

Саламатсызбы! Мен быйыл окуумду бүттүм. Баары эле качан күйөөгө тиеримди сурашат. Аябай тажап кеттим. Мен азыр турмушка чыккым келбейт. Кантип жооп берсем болот? Анан дагы кээ бир жигиттер, "сен кызсыңбы" дегенде ачуум келет. Дароо урушуп, ордуларына коюп салам. Эмнеге адамдар минтип сурайт? Эмне деп жооп берсем ордуларына коюп кое алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.03.2022, 13:22

Асель Суюнбаева

Психолог

Биринчиден, “Качан күйөөгө тиесиң?”, “Эмнеге төрөбөйсүң?”, “Эмнеге эрте төрөдүң?”, “Кызсыңбы?”, жана башка ушул сыяктуулардын баары “неделикатный” суроолордун ичине кирет. Эгер адам айткысы келсе, өзү эле айтып берет, сурап кереги жок. Мындай суроолорду узатуу тарбиясыздыкка, маданиятсыздыкка жатат.

Экинчиден, бул суроолорду узаткан кээ бирөөнүн ичинде комплекстери толтура болот. Айрыкча, чоочун адамдардын көзүнчө бирөөнү басынтуу, уят кылуу же акыл үйрөтүү аркылуу өзүн көрсөткүсү келет. Мындай учурда уялып, жооптон качпаш керек, анткени, манипуляторго дал ушул нерсе. Жөн гана эмне үчүн сурап жатканын билиңиз. Ошол эле учурда юмор менен жооп берсеңиз дагы болот. Бирок, айтып коюу керек, тамашалашып жатып, анын өздүгүнө кирип кетпеңиз, агрессияга алдырбаңыз.

Үчүнчүдөн, кандай болсо, ошондой айтыңыз. Алар көбүнчө жооптон качып кетишиңизди күтөт. Ошондой эле сизге берилген бардык суроолорго жооп берүүгө милдеттүү эмессиз! Каалабасаңыз жооп берүүдөн сылык баш тартып коюңуз.

Төртүнчүдөн, бул суроолорду узаткан адам жеке чекти билбеген маданиятсыз экенин билиңиз. Ошондуктан, ага кайгырып, ачууланып, кабатыр болуунун кереги жок. Сиз ага реакция берген сайын, ал андан ары чукуп, дагы сурайт. Жөн эле билмексен болуп коюңуз, болду, ошол жетишет.

Ар бир адам бакытты ар кандай түшүнөт. Бирөө үчүн үйлөнүү жана балалуу болуу бакыт болсо, айрымдары үчүн тапткакыр башкача. Андыктан, эң негизгиси бирөөнү эмес, жүрөгүңүздү  угуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт