// //

Өзүңүздүн ким экениңизди билбесеңиз, бул 5 кадамды жасаңыз

2022.03.20, 13:16
1570

Өзүбүздүн ким экенибизди билип алсак, ийгиликке жетүү оңой болот. Бирок, өзүңдү түшүнүүнү үйрөнүү оңой эмес. Психолог Асель Суюнбаева түз эфирибизде конокто болуп, бул тема боюнча окурмандар суроолоруна жооп берди. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

Суроо бериңиз

“Мен киммин?” деген суроо изденген адамда жаралат. Бул суроонун аркасынан “Мен кандай инсанмын?”, “Бул коомдон эмнени күтөм?”, “Коом менден эмнени күтөт?”, “Мен эмне кылсам бактылуу болом?” деген суроолор келет. Суроолордун көптүгүнөн коркпоңуз. Бул деген өзүңдүн ордуңду табууга болгон аракеттин суроолору. Мындайча айтканда, абдан жакшы суроолор. Суроо бериш үчүн атайын бир убакыт бөлүп же дептерге жазып кереги жок. Жолдо баратканда, тамак жасап жатканда деле өзүңүзгө суроо узатып, жооп издей берсеңиз болот.

Дароо жооп күтпөңүз

“Мен киммин?” деп суроо бере калсам, дароо жооп келет деп ойлобоңуз. Эч качан жооптор дароо келбейт. Балким, бирөө дароо жооп таап алышы мүмкүн, бирок мындай учурдар чанда гана кездешет. Ошондой эле, бул көп кырдуу суроо болгондуктан, көп кырдуу жооптор келет. Жооп сөзсүз табылат, табылбай калбайт. Анан дагы, ушул эле суроого жаш кезекте башка, улгайып баратканда башка жооптор келет.

Издениңиз

Суроону берип коюп отура бербеңиз, кыймылдаңыз, издениңиз. Бир орунда тура берсеңиз, эч нерсеге жетпейсиз. “Мен киммин?” деген суроо бир келип кетип калбайт, ал өмүр бою сизди ээрчип жүрөт. Жашооңуз кандай болорун бир гана өзүңүз чечесиз. Эгер кылып жаткан нерсеңизге кызыкпасаңыз, жашооңуз маанисин жоготот. Сиз үчүн маанилүү нерселердин тизмесин түзүп, аларды күнүмдүк жашооңузда колдоно баштаңыз.

Ката кетиргенден коркпоңуз

Өзүңүздү түшүнүүнү үйрөнүү үчүн, каталардан коркпой, аларды жасап, сабак алыңыз. Ошентип, пайдалуу жана  баа жеткис тажрыйба топтойсуз. Кандай учурда эмне кылуу керек экенин билип каласыз.

Өзүңүздү кабыл алыңыз

Өзүңдү кандай болсо, ошондой кабыл алыңыз. Сиз үчүн эмне маанилүү экендигин түшүнүңүз жана башкалар каалагандай эмес, өзүңүз  каалагандай болууга аракет жасаңыз. Бирөөгө жамандык кылбаңыз. Бирөөнү эмес, өзүңүздү анализдесеңиз, көп кызыктуу нерселер табылат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт