// //

Балаңыз атасын же апасын сураса эмне деш керек? Жалгыз бой ата-энелерге кеңеш

2020.12.09, 12:44
2034

Эгер балаңызды жалгыз тарбиялап жатсаңыз, эртеби-кечпи ал бул суроону берет. Ар кайсы жомокторду ойлоп таппай, чындыкты кантип айтуу керек?  Психолог Нуриза Батырбекова жалгыз бой ата-энелерге кеңеш берет.

Калп айтпаңыз

Бул татаал теманы чечүүнүн эң мыкты жолу - чындык. Калп айтпай, болгонун болгондой, так жооп бериңиз. Бул суроолордун ар бири бала үчүн өтө маанилүү экенин билиңиз. Ошондо бала сизге ишенет, ортоңордогу мамиле бекемделет.

Ыңгайлуу учурду тандаңыз

Маанайы чөгүп турганда, ооруп калганда же курсагы ач болгондо сөздү баштабай туруңуз. Анан ыңгайлуу учурду күтүп убакытты созо бербеңиз. Бала биринчи маалыматты көчөдөн эмес сизден уккудай болсун. Ошон үчүн баланын тили чыгып, баарын түшүнүп баштаганда эле айтып берүү керек.

Бир деңгээлде болуңуз

“Кел балам, сүйлөшү”,- деп, диалогго чакырыңыз. Туруп турган болсо туруңуз, отурса жанына отуруңуз. Кыскасы, экөөңөр бир деңгээлде болгула, ал отурса туруп албаңыз дегеним. Катастрофа кылбай, шашпай, жайбаракат отуруп алып, түшүндүрүп бериңиз.

Реакциясынан коркпоңуз

Бала чындыкты уккандан кийин ар кандай реакция кылышы мүмкүн. Мисалы, ыйлайт, бакырат, катып калат ж.б. Буга даяр болуңуз. Бала дагы өзүнчө бир чоң адам экенин түшүнүңүз.

“Сени жакшы көрөм” деңиз

Атасы же апасы менен ажырашып кеткениңиз үчүн же тагдырыңар бир болбой калганына баланын эч кандай күнөөсү жок экенин айтыңыз. Ал сүйүүдөн жаралганын, аны канчалык жакшы көрөрүңүздү, канчалык күткөнүңүздү билдириңиз.

Атасын же апасын жамандабаңыз

Бала көрбөсө дагы атасы же апасы тууралуу жакшы образ түзүп алган болот. Сиз аны бузуп, психикасына доо кетирбеңиз. Тескерисинче, жакшы тараптарын айтып, “бул жериңер окшош” деп көңүлүн көтөрүңүз.  Мисалы, “Ооба, жагдай ушундай болуп калды, азыр атаң же апаң жаныбызда жок. Бирок, билесиңби ал сонун адам болчу, ошондуктан сендей боорукер, сулуу, талантуу бала төрөлдү.”

#билесиңбиөспүрүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт